# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-декабры № 840 "Лицензияланууга тийиш болгон, адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү тобокелдиги менен байланышкан кошумча билим берүү программаларынын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-декабры № 840 "Лицензияланууга тийиш болгон, адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү тобокелдиги менен байланышкан кошумча билим берүү программаларынын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 840
- Кабыл алынган күнү: 26.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230038166>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-49529/edition/44478/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230038166.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-декабры № 840 "Лицензияланууга тийиш болгон, адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү тобокелдиги менен байланышкан кошумча билим берүү программаларынын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтому (26.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230038166

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 26-декабры № 840

Лицензияланууга тийиш болгон, адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү тобокелдиги менен байланышкан кошумча билим берүү программаларынын тизмегин бекитүү жөнүндө

Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн рыногун кеңейтүү, атаандаштыкка жөндөмдүү чөйрөнү түзүү максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Лицензияланууга тийиш болгон, адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү тобокелдиги менен байланышкан кошумча билим берүү программаларынын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев

Тиркеме

Лицензияланууга тийиш болгон, адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү тобокелдиги менен байланышкан кошумча билим берүү программаларынын ТИЗМЕГИ

1. Саламаттык сактоо, анын ичинде салттуу (элдик) медицина жаатындагы кошумча билим берүү программалары (багыттар боюнча)

2. Өрт коопсуздугу жана жарандык коопсуздук, анын ичинде куткаруу иштери жаатындагы кошумча билим берүү программалары (багыттар боюнча)

3. Улуттук, аскердик жана жаза аткаруу иши жаатындагы кошумча билим берүү программалары (багыттар боюнча)

4. Жарандык жана кызматтык куралды коопсуз колдонуу эрежелерине окутуу программалары

5. Өнөр жай жана кооптуу өндүрүш объекттерин эксплуатациялоо жаатындагы кошумча билим берүү программалары (багыттар боюнча)

6. Диний билим берүү жаатындагы кошумча билим берүү программалары (багыттар боюнча)

7. Экстремалдык туризм жана альпинизм, анын ичинде өнөр жай альпинизми жаатындагы кошумча билим берүү программалары (багыттар боюнча)

8. Сулуулук индустриясы, косметология жана эстетика жаатындагы билим берүү программалары (багыттар боюнча)

9. Кен казуу өнөр жайы жаатындагы билим берүү программалары (багыттар боюнча)

10. Балдар жана чоңдор үчүн психология жана логопедия жаатындагы билим берүү программалары (багыттар боюнча)

11. Авиация жана космос жаатындагы билим берүү программалары (багыттар боюнча)

12. Тамак-аш азыктарын өндүрүү жаатындагы билим берүү программалары (багыттар боюнча)

13. Курулуш, монтаждоо жана оңдоо-курулуш иштери жаатындагы билим берүү программалары (багыттар боюнча)

14. Газ жана мунайгаз чарбасы жаатындагы билим берүү программалары (багыттар боюнча)

15. Радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо жаатындагы билим берүү программалары (багыттар боюнча)

16. Жыгач иштетүү, слесардык жана ширетүү өндүрүшү боюнча билим берүү программалары (багыттар боюнча)

17. Электротехникалык өндүрүш жаатындагы билим берүү программалары (багыттар боюнча)

18. Транспорт каражаттарын, кооптуу механизмдерди жана учуучу аппараттарды башкаруу менен байланышкан билим берүү программалары (багыттар боюнча).

Эскертүү. Ушул Тизмектин 1, 6-пункттарында көрсөтүлгөн билим берүү ишин жүзөгө ашырууга лицензия алуу үчүн арыз ээси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобого ылайык билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга макулдашуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча таризделген корутундусун берет.
