# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-декабрындагы № 1153-т (Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ош шаарынын жолдорун жакшыртуу” (узундугу 3,2 км жол участогу менен 2 эстакада көпүрөсүн куруу) долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактыруу тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-декабрындагы № 1153-т (Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ош шаарынын жолдорун жакшыртуу” (узундугу 3,2 км жол участогу менен 2 эстакада көпүрөсүн куруу) долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактыруу тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 1153-т
- Кабыл алынган күнү: 26.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230038165>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19630/edition/44477/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230038165.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-декабрындагы № 1153-т (Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ош шаарынын жолдорун жакшыртуу” (узундугу 3,2 км жол участогу менен 2 эстакада көпүрөсүн куруу) долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактыруу тууралуу) тескемеси (26.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230038165

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2025-жылдын 26-декабры № 1153-т

Ош шаарынын жол инфраструктурасын комплекстүү өнүктүрүү, жол кыймылынын коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу жана калктын жол жүрүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ош шаарынын жолдорун жакшыртуу” (узундугу 3,2 км жол участогу менен 2 эстакада көпүрөсүн куруу) долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
