# Савай айылдык кеңешинин 2025-жылдын 17-декабрындагы № 42 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы №490 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасынын” алкагында Курбан-Кара, Султан-Абад, Кескен-Жар айылдарынын башкы планы жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Савай айылдык кеңешинин 2025-жылдын 17-декабрындагы № 42 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы №490 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасынын” алкагында Курбан-Кара, Султан-Абад, Кескен-Жар айылдарынын башкы планы жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 42
- Кабыл алынган күнү: 17.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230038051>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-49456/edition/44349/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Савай айылдык кеңешинин 2025-жылдын 17-декабрындагы № 42 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы №490 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасынын” алкагында Курбан-Кара, Султан-Абад, Кескен-Жар айылдарынын башкы планы жөнүндө токтому (17.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230038051

---

САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII-чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги 14-сессиясы

2025-жылдын 17-декабры № 42

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы №490 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасынын” алкагында Курбан-Кара, Султан-Абад, Кескен-Жар айылдарынын башкы планы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Савай айылдык округунун кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы №490 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасын” (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы №313 токтомунун редакциясына ылайык) калктуу конуштарды башкы пландар менен камсыз кылуу максатында Курбан-Кара, Султан-Абад, Кескен-Жар айылдарынын башкы планы берилген сунуштар, өзгөртүүлөр, толуктоолор менен кабыл алынсын.

2. Савай айыл өкмөтүнө Курбан-Кара, Султан-Абад, Кескен-Жар айылдарынын башкы планы боюнча берилген сунуштар, өзгөртүүлөр, толуктоолорду кызыкдар тараптар менен бирге башкы планга киргизүү менен иш алып баруу жагы тапшырылсын.

3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий булактарга жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.

4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жөктүлсүн.

Төрага

А.Осмоналаиев
