# Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 10/II ““Жашыл Мурас” муниципалдык ишканасынын имаратын капиталдык оңдоо” долбоорун жактыруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 10/II ““Жашыл Мурас” муниципалдык ишканасынын имаратын капиталдык оңдоо” долбоорун жактыруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 10/II
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230038034>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-78895/edition/44330/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230038034.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 10/II ““Жашыл Мурас” муниципалдык ишканасынын имаратын капиталдык оңдоо” долбоорун жактыруу жөнүндө" токтому (30.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230038034

---

УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 18-декабрындагы № 10/II

““Жашыл Мурас” муниципалдык ишканасынын имаратын капиталдык оңдоо” долбоорун жактыруу жөнүндө (Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2024-жылдын 30-декабры № 17/ III токтомунун редакциясынын токтому) Узун-Кыр айыл өкмөтүнүң 2024-жылдын 09 декабрындагы №01-10/1191 2025-жылга даярдалган долбоорлорду жергиликтүү бюджеттин эсебинен кош каржылоо жөнүндө катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 3, 13, 33 жана 51-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 6 пунктуна, 34-беренесинин 1 пунктуна ылайык, Узун-Кыр айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында,

Узун-Кыр айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2025-жылга ““Жашыл Мурас” муниципалдык ишканасынын имаратын капиталдык оңдоо” долбоору жактырылсын.

2. Айыл өкмөтүн башчысына Ысык-Ата аймактык финансы башкармалыгына долбоорду каржылоо өтүнүчү менен кайрылып, долбоордук- сметага ылайык 50 пайыз 2 696 242,0 миң сом (эки миллион алты жүз токсон алты миң эки жүз кырк эки) түзгөн төлөмдү жергиликтүү бюджеттин салымы катары каржылоого кепилдик берилсин.

(Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2024-жылдын 30-декабры № 17/ III токтомунун редакциясынын токтому)

3. Бул токтом Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

Төрага

Т.А.Минбаев
