Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 18-декабры № 812 Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 81 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын ишин уюштуруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жободо:
- 17-пунктта:
12-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "12) төмөнкүлөрдү кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот:
- борбордук аппараттын кызматкерлерин;
- региондор аралык башкармалыктардын жетекчилерин жана кызматкерлерин;
- аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилеринин орун басарларын жана кызматкерлерин;
- ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилеринин орун басарларын;";
төмөнкүдөй мазмундагы 121-пунктча менен толукталсын: "121) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;"; 13-пунктчадагы "жана фонд" деген сөздөр алып салынсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
" Begin_nocompare
3
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
983
229
анын ичинде:
борбордук аппараты
295
50
аймактык бөлүмдөрү
490
142
ведомстволук бөлүмдөрү
198
37
2026-жылдын 1-январынан тартып
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
993
229
анын ичинде:
борбордук аппараты
295
50
аймактык бөлүмдөрү
490
142
ведомстволук бөлүмдөрү
208
37
End_nocompare ".
3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 81 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 419 "Республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын типтүү түзүмүн, штаттык санынын чегин, штаттык расписаниесинин формасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
5. Республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларына финансылык башкармалыктарды түзүү сунушталсын.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) республикалык маанидеги шаарлардын мэриялары менен биргеликте:
- финансылык, материалдык-техникалык каражаттарды андан ары пайдаланууга, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык бөлүмдөрүн кайра уюштуруу жана жоюу боюнча иштерди жүргүзүүгө байланышкан маселелерди чечүү үчүн комиссияларды түзсүн;
- штаттык бирдиктерди өткөрүп берүүдө ушул токтом күчүнө кирген датага карата тиешелүү кызмат орундарын ээлеген кызматкерлер мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын тиешелүү түрлөрүндө иштөө өзгөчөлүктөрүн сактоону эске алуу менен, өткөрүп берилген функцияларды аткаруу үчүн которулууга тийиш экендигин эске алсын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бошотулган кызматкерлерди ишке орноштуруу боюнча чараларды көрсүн;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн;
2) "Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кароодо ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 19-декабрындагы № 100 (3757) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Begin_nocompare
1-тиркеме
"Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин БАШКАРУУ СХЕМАСЫ
".
2-тиркеме
"6-тиркеме
Республикалык маанидеги шаарлардын шаардык кеңештеринин ШТАТТЫК САНЫНЫН ЧЕГИ
№
Кызмат орундарынын аталышы
Бишкек шаары
Ош шаары
1
Төрага
1
1
2
Төраганын орун басары
2
1
3
Аппарат жетекчиси
1
1
4
Бөлүм башчы
4
1
5
Башкы адис
8
3
6
Жетектөөчү адис
7
2
7
Адис
5
2
Бардыгы
28
11
Техникалык жана кенже тейлөөчү персонал
6
4
Жалпы
34
15
".
3-тиркеме
"2-тиркеме
Республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын ШТАТТЫК САНЫНЫН ЧЕГИ
№
Шаардын мэриясынын аталышы
Муниципалдык кызматчылардын штаттык бирдиктеринин саны
Техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын штаттык бирдиктеринин саны
1
Бишкек шаарынын мэриясы
1405
276
2
Ош шаарынын мэриясы
243
86
".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 253 токтому менен бекитилди) жобоПоложение · 15.11.2021 · № 253
- Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.11.2021 · № 253
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 419 “Республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана шаардык кеӊештеринин типтүү түзүмүн, штаттык…Постановление · 16.07.2025 · № 419
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 81 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санынын чегин, түзүмүн…Постановление · 10.02.2026 · № 81
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын…Постановление · 07.02.2024 · № 52 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.11.2021 · № 253
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 419 “Республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана шаардык кеӊештеринин типтүү түзүмүн, штаттык…Постановление · 16.07.2025 · № 419
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 81 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санынын чегин, түзүмүн…Постановление · 10.02.2026 · № 81
- Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 21.01.2026 · № 5
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.