Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын (Кыргыз Республикасынын Президентинин тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 28-ноябры № 410
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 103 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу (бекитилүүчү) кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына дайындоо (бекитүү) үчүн талапкерлерди тандоо тартиби жөнүндө жободо:
- 6-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- талапкер (талапкерлер) менен маектешүү өткөрүүнү уюштурат.";
- 7-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Эгерде сунуш катталган датага чейин бир календардык жылдын ичинде мурда атайын текшерүү жүргүзүлсө жана анын натыйжалары бар болсо, кайрадан атайын текшерүү жүргүзүлбөйт.";
- 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн кызмат орундарына көрсөтүлгөн;".
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы ПТ №103 (Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын…Распоряжение · 14.06.2023 · № 103