# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-декабрындагы № 839 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын жайгаштыруу тартибин бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-декабрындагы № 839 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын жайгаштыруу тартибин бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 839
- Кабыл алынган күнү: 26.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230037985>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-49436/edition/44278/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230037985.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-декабрындагы № 839 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын жайгаштыруу тартибин бекитүү тууралуу" токтому (26.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230037985

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2025-жылдын 26-декабры № 839 Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын жайгаштыруу тартибин бекитүү тууралуу

Бюджеттик каражаттарды натыйжалуу башкаруу, Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын жайгаштыруу жол-жоболорунун ачыкайкындыгын жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 71, 111-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын жайгаштыруу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 135 “Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын коммерциялык банктарга жайгаштыруу тартибин бекитүү тууралуу” токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы № 704 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 135 “Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын коммерциялык банктарга жайгаштыруу тартибин бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-январындагы № 41 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 135 “Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын коммерциялык банктарга жайгаштыруу тартибин бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” токтому.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 103 (3760) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
