Санариптик технологиялык системалардын түрлөрү катары маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик жана муниципалдык борборлоруна талаптар (1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-декабрындагы № 846 токтомуна)
Санариптик технологиялык системалардын түрлөрү катары маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик жана муниципалдык борборлоруна талаптар
1- глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Санариптик технологиялык системалардын түрлөрү катары маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик жана муниципалдык борборлоруна талаптар (мындан ары – Талаптар) Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине (мындан ары – Санарип кодекси) ылайык иштелип чыккан жана маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик жана муниципалдык санариптик борборлорун (мындан ары – МИБ) түзүү, өнүктүрүү, эксплуатациялоо, модернизациялоо жана эксплуатациялоодон чыгаруу үчүн бирдиктүү стандарттарды белгилейт.
2. Ушул Талаптардын жоболорун мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, мекемелер жана уюмдар, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык МИБдердин ээлери жана/же иштеп чыгуучулары болуп саналган 50 пайыздан ашык мамлекеттин катышуу үлүшү менен чарбакер субъекттер колдонууга милдеттүү.
3. Ушул Талаптардын жоболору Улуттук санариптик экосистеманын (мындан ары – Улуттук экосистема) курамына кирбеген, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларды коргоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык мамлекеттик сырга тиешелүү маалыматты камтыган санариптик маалыматтарды иштеп чыгуучу мамлекеттик жана муниципалдык МИБдерге колдонулбайт.
4. Ушул Талаптарда төмөнкүдөй түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
масштабдуулук – объекттин (элементтин) иштелип чыгуучу маалыматтардын көлөмү жана (же) колдонуучулардын параллелдүү суроо-талаптарынын саны өзгөргөн сайын анын өндүрүмдүүлүгүн өзгөртүү жөндөмдүүлүгү, ал техникалык жана инженердик инфраструктурага модулдарды кошуу мүмкүнчүлүгүн карайт; башка терминдер жана алардын аныктамалары Санарип кодексинде, Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген мааниде колдонулат.
2- глава. МИБдердин максаттары, милдеттери жана багыты
5. МИБдердин максаттары:
1) мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын, ошондой эле
50 пайыздан ашык мамлекеттин катышуу үлүшү менен чарбакер субъекттердин санариптик ресурстарынын белгиленген жеткиликтүүлүк, ишенимдүүлүк, коопсуздук жана башкаруу деңгээлдери менен кепилденген үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу;
2) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын, ошондой эле
50 пайыздан ашык мамлекеттин катышуу үлүшү менен чарбакер субъекттердин маалымат базаларын консолидациялоону, сактоону жана иштеп чыгууну камсыз кылуу;
3) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын, ошондой эле 50 пайыздан ашык мамлекеттин катышуу үлүшү менен чарбакер субъекттердин ортосунда, анын ичинде Улуттук экосистеманын алкагында мамлекеттик санарип сервистерди (мындан ары – мамсервис) берүүдө санариптик маалыматтарды үзгүлтүксүз алмашууну камсыз кылуу.
6. МИБдердин милдеттери:
1) санариптик маалыматтарды иштеп чыгуу жана сактоо;
2) иштелип чыгуучу жана сакталуучу санариптик маалыматтардын коопсуздугун, бүтүндүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
3) мамлекеттик жана муниципалдык санариптик ресурстардын санариптик туруктуулугун, критикалык маалыматтык инфраструктуранын иштөөсүнүн ишенимдүүлүгүн жана үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу.
7. МИБдердин параметрлери:
1) суроо-талаптарды иштеп чыгуунун жогорку ылдамдыгын камсыз кылуу, мында жооп берүү убактысы сакталган маалыматтардын көлөмүнө көз каранды болбойт;
2) эсептөө ресурстарынын өндүрүмдүүлүгүн эксплуатациялык документтерде жана/же сервистин деңгээли жөнүндө макулдашууда аныкталган, жол берилгенден ашпаган деңгээлден төмөндөтпөстөн жана колдонуучулардын маалыматтык системаларынын жеткиликтүүлүгүн жана туруктуу иштөөсүн начарлатпастан, белгиленген сандагы колдонуучуларды параллелдүү тейлөөнү камсыз кылуу.
8. МИБдердин курамына санариптик маалыматтарды иштеп чыгууну жана сактоону камсыз кылуучу сервердик жабдуулар жана программалык камсыздоо, ошондой эле санариптик маалыматтарды алмашууну жана МИБдердин элементтеринин өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуучу телекоммуникациялык инфраструктура жана инженердик инфраструктура кирет.
9. МИБдердин инженердик инфраструктурасынын курамына төмөнкүлөр кирет:
1) белгиленген параметрлерде температураны жана нымдуулук деңгээлин кармап туруу үчүн системалар;
2) электр энергиясынын борбордук булактары өчүрүлгөн учурда МИБдердин автономдуу иштөөсү үчүн үзгүлтүксүз электр менен камсыздоо жабдуулары;
3) күзөт-өрт сигнализациясы жана газ менен өрт өчүрүү системалары;
4) аралыктан контролдоо, кубаттандырууну башкаруу жана кирүү мүмкүнчүлүгүн контролдоо системалары.
МИБдердин инженердик инфраструктурасын эксплуатациялоодо экологиялык ченемдерди сактоо, анын ичинде электр менен жабдуунун резервдик булактарынан чыгууларды, жылуулук чыгууларын контролдоо системаларынын болушу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздук жаатындагы мыйзамдарынын талаптарына ылайык көрсөтүлгөн таасирлерге мониторинг жүргүзүү камсыз кылынууга тийиш.
10. МИБдердин системасына кирген объекттер жана элементтер төмөнкүдөй негизги талаптарга жооп берүүгө тийиш:
1) санариптик маалыматтарды, ресурстарды резервдөөнү жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу;
2) МИБдердин инфраструктурасынын негизги объекттерин (элементтерин) менчикте, узак мөөнөттүү ижарада же узак мөөнөттүү ишенимдүү башкарууда болуусу аркылуу мүлктүк коопсуздукту камсыз кылуу;
3) Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына шайкештик;
4) Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде санариптик маалыматтарды сактоону камсыз кылуу;
5) МИБдердин телекоммуникациялык инфраструктурасын резервдөөнү камсыз кылуу;
6) МИБдерди түзүүдө колдонулган чечимдердин кырсыкка туруктуулугу;
7) долбоорлоо этабында техникалык жөнгө салуу ченемдерин жана МИБдерге, курамга, компоненттерге жана архитектуралык-техникалык чечимдерге карата, айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздук жана энергияны үнөмдөө, анын
ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик экологиялык экспертизадан милдеттүү өткөрүү талаптарын аныктоо. МИБдердин инженердик, тармактык жана программалык инфраструктурасында Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын тиешелүү талаптарына шайкеш келген маалыматты коргоонун сертификатталган каражаттары гана колдонулууга тийиш.
11. МИБдердин системасын башкарууну камсыз кылган МИБдердин ээсинин же иштеп чыгуучунун санариптик технологиялык системалары Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде бири-биринен географиялык жактан алыс жайгашкан экиден кем эмес МИБде резервделүүгө тийиш.
12. МИБдер оптималдуу (эң төмөн) наркы жана жетиштүү кубаттуулугу бар электр энергиясынын булактарынын жанына, түз туташтыруу мүмкүнчүлүгү менен генерациялоочу станциялардын түздөн-түз жанына жайгаштырылууга тийиш.
Буга карата техникалык мүмкүнчүлүк жана экономикалык максатка ылайыктуулук болсо, МИБдер МИБдин инженердик инфраструктурасынын жүктөмдөрүн жарым-жартылай же толук жабууга арналган, энергия менен жабдуунун кошумча же болбосо негизги булагы катары колдонууга мүмкүн болгон кайра жаралуучу жана экологиялык таза энергия булактарын (анын ичинде, бирок алар менен чектелбестен, күн фотоэлектр орнотмолору, шамал энергетикалык орнотмолору, ошондой эле чыгуулардын деңгээли төмөн болгон башка генерациялоо технологиялары) интеграциялоону жана эксплуатациялоону камсыз кылууга тийиш. Мындай энергетикалык орнотмолорду долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо энергиянын натыйжалуулугунун, энергия менен туруктуу жабдуунун жана экологиялык коопсуздуктун стандарттарына ылайык жүргүзүлүүгө тийиш. Энергиянын мындай булактарын колдонуу төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:
1) электр менен жабдуунун негизги булагы менен автономдуу же айкалышкан режимде иштөө мүмкүнчүлүгү;
2) технологиялык процесстердин үзгүлтүксүздүгүн колдоо үчүн кубаттуулуктун жетиштүү резерви;
3) электр энергиясынын сапаты, ишенимдүүлүгү жана туруктуулугу боюнча талаптарга шайкештик;
4) МИБдин жалпы энергетикалык системасынын курамында энергияны өндүрүүгө жана керектөөгө мониторинг жүргүзүүнү, эсепке алууну жана башкарууну ишке ашыруу.
Энергиянын кайра жаралуучу булактарын интеграциялоо техникалык мүмкүн болгон жана экономикалык негизделген
учурларда, МИБдин инженердик инфраструктурасынын иштөөсүн камсыз кылуу үчүн аларды колдонуу милдеттүү болуп саналат.
3- глава. МИБдердин санариптик туруктуулугуна жана киберкоопсуздугуна талаптар
13. МИБдердин киберкоопсуздугун жана санариптик туруктуулугун камсыз кылууда Санарип кодексинин, киберкоопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын жетекчиликке алуу зарыл.
14. МИБдердин санариптик туруктуулугун жана киберкоопсуздугун камсыз кылуу ыктымалдуу коркунучтардан, анын ичинде төмөнкүлөрдөн коргоонун болушун карайт:
1) негизги же көмөкчү жабдуунун же программалык камсыздоонун иштебей калышынан;
2) компьютердик вирустардын жана башка зыяндуу программалардын таасиринен;
3) санкцияланбаган кирүүдөн, бузуудан, уурдоодон;
4) энергиянын үзгүлтүккө учурашынан;
5) өрттүн же түтүндүн чыгуусунан;
6) суу каптоо, температура режиминин бузулушу, эксплуатациялоо, чаңдоо же газ чыгуу мүмкүндүгүнөн;
7) имараттын сейсмикалык туруктуулугунан же имараттын конструкцияларынын бузулушунан;
8) электромагниттик же радиациялык нурлануунун таасиринен.
15. МИБдердин функционалдык туруктуулугу төмөнкүлөр боюнча талаптарды коюу менен камсыз кылынат:
1) бузулууларга туруктуулук;
2) ийкемдүүлүк, анын ичинде масштабдуулук;
3) инженердик жана конструктордук чечимдердин натыйжалуулугу жана ишенимдүүлүгү.
16. Бузулууларга туруктуулуктун зарыл болгон деңгээли төмөнкүлөрдүн эсебинен камсыз кылынат:
1) бир бузулуу чекитинин (Single Point of Failure) болушун жоюуга мүмкүн болгон убакыттын жана максаттуу көрсөткүчтөрдүн чегинде кепилденген жеткиликтүүлүк жана ишке жөндөмдүүлүктү калыбына келтирүү үчүн математикалык жетиштүү маанилүү компоненттердин (тиркемелердин серверлери, маалыматтар базасы, тармактык шлюздар) ашыкча деңгээлин ишке ашыруунун;
2) санариптик түзүлүштөрдүн (инфраструктуранын компоненттеринин) түзүүчүлөрүнүн эксплуатациялык жарактуулугунун жана калыбына келтирилишинин, анын ичинде тышкы башкаруу же байланыш каналдары жоголгон учурда иштетилүүчү маалыматтардын бүтүндүгүн сактоо менен, аларды
обочолонгон (автономдуу) иштөө режимине которуу мүмкүнчүлүгүнүн;
3) системанын компоненттери иштен чыкканда, оңдоодо же алмаштырууда үзгүлтүксүз ишти камсыз кылуучу резервдик компоненттердин же жол-жоболордун болушунун;
4) маалыматтарды резервдик көчүрүүнүн жана калыбына келтирүүнүн ишенимдүү системасынын.
17. Ийкемдүүлүктү камсыз кылууга масштабдуулук жана МИБдердин телекоммуникациялык жана инженердик инфраструктурасына модулдарды кошуу мүмкүнчүлүгү аркылуу жетишилет.
МИБдердин инженердик-конструктордук чечимдерин унификациялоо жана рационалдаштыруу эксплуатациялык жеткилүүлүктү жана алардын иштөөсүнө мониторинг жүргүзүү, башкаруу жана техникалык коштоо регламенттерин жөнөкөйлөтүүнү камсыз кылат.
18. МИБдердин үзгүлтүксүз иши төмөнкүлөр боюнча талаптарды аткаруу менен камсыз кылынат:
1) санариптик ресурстарга жана алар тарабынан иштетилген санариптик маалыматтарды мыйзамсыз алуунун, аларды жок кылуунун, өзгөртүүнүн, бөгөттөөнүн, көчүрүүнүн, берүүнүн жана жайылтуунун, ошондой эле санариптик ресурстарга жана санариптик маалыматтарга карата башка мыйзамсыз аракеттердин, санкцияланбаган кийлигишүүнүн, киберкоркунучтардын алдын алуу;
2) МИБдердин киберкоопсуздугунун абалына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү;
3) маалыматтарды иштеп чыгуунун техникалык каражаттарына таасир этүүгө жол бербөө, анын натыйжасында МИБдердин жана/же санариптик ресурстардын иштөөсү бузулушу жана (же) токтотулушу мүмкүн;
4) МИБдердин иштөөсүн калыбына келтирүү, анын ичинде резервдик кубаттуулуктардын болушунун эсебинен;
5) коргоо зоналарын түзүү жана МИБдердин жабдууларынын физикалык коопсуздугун камсыз кылуу;
6) үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү жана инциденттердин алдын алуу, мындай инциденттер, анын ичинде жеке маалыматтарга тиешелүү инциденттер жөнүндө маалымат алмашуу максатында киберкоопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучу менен өз ара аракеттенүү;
7) тобокелдиктерди башкаруунун тиешелүү системасынын негизинде тобокелдиктерди башкаруу;
8) МИБдердин үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон ресурстарды башкаруу.
19. МИБдердин жабдуулары сервистер аркылуу көрсөтүлүүчү санариптик ресурстар менен шайкеш келүүгө тийиш.
20. МИБ санариптик маалыматтарды иштеп чыгууга байланышкан бардык операцияларды эсепке алууну жүргүзүүнү камсыз кылууга тийиш.
21. МИБдерде функционалдык зоналар (ички тармак, башкаруу тармагы, маалыматтарды сактоо тармагы жана башкалар) боюнча милдеттүү тармактык сегментация камсыз кылынууга тийиш. Тармактар аралык өз ара аракеттенүүнү контролдоо системасы колдонулууга тийиш.
22. МИБдеги киберкоопсуздуктун учурдагы абалынын сапаттык жана сандык мүнөздөмөлөрүн документтелген баалоо үчүн МИБдин ээсинин категориясына жана статусуна ылайык Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жана формаларда киберкоопсуздукка аудитти (ички, мамлекеттик же көз карандысыз) системалуу жүргүзүү камсыз кылынат.
4- глава. МИБдерди жайгаштырууга талаптар
23. МИБдердин жайларын долбоорлоодо же кайра жабдууда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, уюмдун сервердик жабдууларынын техникалык каражаттарынын үзгүлтүксүз иштөө системаларына жана сервердик жайына карата талаптарды жетекчиликке алуу зарыл.
24. МИБдерди жайгаштыруу зарылдыгы Санарип кодекске, Кыргыз Республикасынын жер жана шаар куруу мыйзамдарына ылайык аймактык пландоодо жана архитектуралык-курулуштук долбоорлоодо эске алынууга тийиш.
Жаңы курулуш, калктуу конуштарды жана инфраструктуранын айрым түрлөрүн кеңейтүү, реконструкциялоо, жолдорду жана көпүрөлөрдү кайра куруу, жаңы жерлерди өздөштүрүү, мелиорация системаларын кайра куруу, пайдалуу кендерди иштеп чыгуу менен шартталган МИБдерди кайра жабдуу жана көчүрүү курулуштун заказчысы тарабынан МИБдердин ээлеринин техникалык шарттары боюнча колдонуудагы стандарттарга ылайык өзүнүн эсебинен жүргүзүлөт.
25. МИБдер жөнүндө маалыматтар пайдалануу, өз ара аракеттенүү, ошондой эле алардын Улуттук экосистеманын башка элементтери менен шайкештигин камсыз кылуу максатында Улуттук экосистеманын санариптик реестрине киргизилет.
МИБдерди Улуттук экосистеманын санариптик реестрине киргизүү шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Улуттук экосистеманын башка элементтери менен шайкештикти жана өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу;
2) функционалдуулукту жана санариптик туруктуулукту тестирлөөнүн оң натыйжаларын берүү;
3) Улуттук экосистеманын элементи жөнүндө санариптик жазууну түзүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды берүү.
5- глава. Корутунду жоболор
26. МИБдердин санариптик туруктуулугун жана киберкоопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
27. МИБдерге, алардын телекоммуникациялык же инженердик инфраструктурасына санкцияланбаган кошулуунун, алардын ишине кийлигишүүнүн же аларды бузуунун натыйжасында келтирилген зыян МИБдердин ээсине зыян келтирген жак тарабынан толук көлөмдө орду толтурулат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз РеспубликасынынКодекс · 31.07.2025 · № 178
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-декабрындагы № 846 "Санариптик технологиялык системалардын түрлөрү катары маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик…Постановление · 29.12.2025 · № 846