Узун-Кыр айылдык кеңешинин “Дружба айылы, Фучик көчөсүндөгү жолду капиталдык оңдоо” долбоорун жактыруу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Узун-Кырского айылного кенеша от 24 января 2025 года № 22/IV "Об утверждении состава земельной комиссии по предоставлению в аренду земель Государственного фонда сельскохозяйственных угодий"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-01-24.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 24-январындагы № 22/IV токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 18-декабрындагы № 9/II
“Дружба айылы, Фучик көчөсүндөгү жолду капиталдык оңдоо” долбоорун жактыруу жөнүндө Узун-Кыр айыл өкмөтүнүң 2024-жылдын 09 декабрындагы №01-10/1191 2025-жылга даярдалган долбоорлорду жергиликтүү бюджеттин эсебинен кош каржылоо жөнүндө катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 3, 13, 33 жана 51-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 6 пунктуна, 34-беренесинин 1 пунктуна ылайык, Узун-Кыр айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында,
Узун-Кыр айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылга ”Дружба айылы, Фучик көчөсүндөгү жолду капиталдык оңдоо” долбоору жактырылсын.
2. Айыл өкмөттүн башчысына Ысык-Ата аймактык финансы башкармалыгына үлүштүк (демилге берүүчү) грантты каржылоо өтүнүчү менен кайрылып, долбоордук- сметага ылайык 50 пайыз 3 698 643,0 миң сомду (үч миллион алты жүз токсон сегиз миң алты жүз кырк үч) түзгөн төлөмдү жергиликтүү бюджеттин салымы катары каржылоого кепилдик берилсин.
3. Бул токтом Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калырам.
Төрага
Т.А.Минбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 24-январындагы № 22/IV "Мамлекеттик фондунун айыл-чарба жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.01.2025 · № 22/IV