# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-декабрындагы № 846 "Санариптик технологиялык системалардын түрлөрү катары маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик жана муниципалдык борборлоруна талаптарды жана Маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорунун инфраструктурасына берилүүчү булуттук эсептөөлөргө талаптарды бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-декабрындагы № 846 "Санариптик технологиялык системалардын түрлөрү катары маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик жана муниципалдык борборлоруна талаптарды жана Маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорунун инфраструктурасына берилүүчү булуттук эсептөөлөргө талаптарды бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 846
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230037969>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-49404/edition/44254/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230037969.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-декабрындагы № 846 "Санариптик технологиялык системалардын түрлөрү катары маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик жана муниципалдык борборлоруна талаптарды жана Маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорунун инфраструктурасына берилүүчү булуттук эсептөөлөргө талаптарды бекитүү жөнүндө" токтому (29.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230037969

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 29-декабры № 846

Санариптик технологиялык системалардын түрлөрү катары маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик жана муниципалдык борборлоруна талаптарды жана Маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорунун инфраструктурасына берилүүчү булуттук эсептөөлөргө талаптарды бекитүү жөнүндө

Маалыматтарды иштеп чыгуунун жана булуттук эсептөөлөрдүн мамлекеттик жана муниципалдык борборлоруна бирдиктүү техникалык, уюштуруучулук жана укуктук талаптарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 168-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Санариптик технологиялык системалардын түрлөрү катары маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик жана муниципалдык борборлоруна талаптар 1-тиркемеге ылайык;

2) Маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорунун инфраструктурасына берилүүчү булуттук эсептөөлөргө талаптар 2-тиркемеге ылайык.

2. Ушул токтомду ишке ашыруу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санынын жана тиешелүү жылдарга каражаттарынын чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт деп белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 747 “Мамлекеттик маалыматтарды иштеп чыгуу борборлоруна жана аларды бириктирүүчү байланыш каналдарына карата талаптарды бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 5-февралынан тартып күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 13-январындагы № 1 (3761) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
