# Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 24-январындагы № 24/IV "Токтомду жокко чыгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 24-январындагы № 24/IV "Токтомду жокко чыгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 24/IV
- Кабыл алынган күнү: 24.01.2025
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230037966>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-78893/edition/44251/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230037966.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 24-январындагы № 24/IV "Токтомду жокко чыгаруу жөнүндө" токтому (13.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230037966

---

Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 13 ноябры № 63 /ХV токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 24-январындагы № 24/IV

Токтомду жокко чыгаруу жөнүндө Сары-Жон айылынын тургундарынын айылдык кеңештин токтомун жокко чыгаруу жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесине ылайык,

Узун-Кыр айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ново-Покровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 15-июнундагы №102/ ХХIV-28 «Жер участогунун категориясын которууга макулдук берүү жөнүндө» токтому жокко чыгарылсын.

2. Бул токтом Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

Төрага

Т.А.Минбаев
