# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-октябрындагы № 666 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын айрым маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-октябрындагы № 666 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын айрым маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 666
- Кабыл алынган күнү: 15.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230037955>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-49401/edition/44228/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230037955.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-октябрындагы № 666 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын айрым маселелери жөнүндө" токтому (15.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230037955

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 15-октябры № 666

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын айрым маселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасын өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 230-статьясынын 2-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 5-3-пунктта "2025-жылды" деген сөздөр "2030-жылды" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасына бюджетке которулууга тийиш болгон, ишкананын 2026-жылдан тартып 2030-жылга чейинки мезгилди кошуп алганда таза кирешесинин 50 пайызын Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече - Макмал темир жолун курууга жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасын өнүктүрүүгө багыттоого уруксат берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бул токтомдун кабыл алынышына байланыштуу мамлекеттик ишканалардын таза пайдасынын бөлүгүн чегерүү планына өзгөртүүлөрдү киргизсин.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.

5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы квартал сайын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине бюджетке которулууга тийиш болгон таза пайданын 50 пайызын пайдалануу жөнүндө отчет берип турсун.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 79 (3735) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
