# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 31-декабрындагы ПТ № 454 (Бишкек шаарынын тазалоочу курулмаларынын аймагында ассенизатордук машиналар үчүн куюучу станцияны куруу долбоору боюнча долбоорлоочуну жана подрядчыны аныктоо жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 31-декабрындагы ПТ № 454 (Бишкек шаарынын тазалоочу курулмаларынын аймагында ассенизатордук машиналар үчүн куюучу станцияны куруу долбоору боюнча долбоорлоочуну жана подрядчыны аныктоо жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 454
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230037937>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19617/edition/44180/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230037937.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 31-декабрындагы ПТ № 454 (Бишкек шаарынын тазалоочу курулмаларынын аймагында ассенизатордук машиналар үчүн куюучу станцияны куруу долбоору боюнча долбоорлоочуну жана подрядчыны аныктоо жөнүндө) тескемеси (31.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230037937

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2025-жылдын 31-декабры ПТ № 454

Бишкек шаарынын саркынды сууларды чыгаруу системасынын натыйжалуу жана экологиялык коопсуз иштешин камсыз кылуу, тазалоочу курулмаларды реконструкциялоо жана модернизациялоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Бишкек шаарынын Пригородное айылы, Юбилейная көчөсү н/ж дареги боюнча жайгашкан тазалоочу курулмалардын аймагында ассенизатордук машиналар үчүн куюучу станцияны долбоорлоо жана куруу боюнча жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн берүүчүлөрүн (подрядчыларын) аныктоо жөнүндө тиешелүү чечимди белгиленген тартипте кабыл алсын.

2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
