# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 29-декабры № 384 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 29-декабры № 384 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 384
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230037936>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-11001/edition/44179/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230037936.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 29-декабры № 384 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Жарлыгы (29.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230037936

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2025-жылдын 29-декабры № 384

Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы № 414 “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” Жарлыгы;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 85 “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” Жарлыгы;

3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 11-августундагы № 188 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 85 “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жарлыгы;

4) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгы;

5) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы № 254 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Жарлыгы;

6) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 326 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө” Жарлыгы.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 103 (3760) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
