“Манас” эпосунун үчилтигиндеги башкы каармандардын ысымдарын колдонуу тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилди)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-декабрындагы № 837 токтому менен бекитилди)
“Манас” эпосунун үчилтигиндеги башкы каармандардын ысымдарын колдонуу тартиби
1- глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде, юридикалык жактардын, алардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) фирмалык аталыштарында “Манас” эпосунун үчилтигиндеги башкы каармандарынын ысымдарын жана алардын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкаштарын колдонууга байланышкан мамилелерди жөнгө салат.
2. Ушул Тартиптин негизги максаты – “Манас” эпосунун үчилтигиндеги башкы каармандарынын ысымдарын жана алардын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкаштарын мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде, юридикалык жактардын, алардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) фирмалык аталыштарында колдонуу, алардын туура, этикалык, маданий жоопкерчиликтүү жана мыйзамдуу колдонулушун камсыз кылуу тартибин укуктук жөнгө салуу.
3. Ушул Тартиптин алкагында “Манас” эпосунун үчилтигиндеги башкы каармандары болуп Манас, Семетей, Сейтек, Акбалта, Бакай, Кошой, Алмамбет, Чубак, Сыргак, Каныкей, Айчүрөк, Күлчоро, Ажыбай эсептелет.
4. Бул Тартип товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде, юридикалык жактардын, алардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) фирмалык аталыштарында “Манас” эпосунун үчилтигиндеги башкы каармандарынын ысымдарын жана алардын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкаштарын улуттук маданий мурастарды коргоону камсыз кылуу менен туура, жоопкерчиликтүү жана мыйзамдуу колдонуу үчүн шарттарды түзөт.
2- глава. Товардык белгилерде, тейлөө
белгилеринде “Манас” эпосунун үчилтигиндеги башкы каармандарынын ысымдарын жана алардын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкаштарын колдонуу
5. Товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде “Манас” эпосунун үчилтигиндеги башкы каармандарынын ысымдарын колдонуу улуттук жана чет өлкөлүк өтүнмө ээлери үчүн ушул Тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.
6. Товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде “Манас” эпосунун үчилтигиндеги башкы каармандарынын ысымдары жана алардын негизинде келип чыккан сөздөр жана сөз айкаштары товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде корголбогон элементи катары колдонулушу мүмкүн, эгерде өтүнмө ээси:
1) мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, мамлекеттик же муниципалдык мекеме (уюм) болуп эсептелсе;
2) Кыргыз Республикасынын товардык рыногунда табигый монополиянын субъекти болуп саналса;
3) Кыргыз Республикасына гана таандык товарлардын жана/же кызмат көрсөтүүлөрдүн сейрек кездешүүчү түрлөрүн өндүрсө жана/же көрсөтсө;
4) тышкы экономикалык ишти узак убакыт бою (5 жылдан кем эмес) жүзөгө ашыруу процессинде дүйнөлүк рынокто Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын көрсөтсө;
5) Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык инфраструктурасын жакшыртууга багытталган товарларды өндүрсө жана/же кызматтарды көрсөтсө.
7. Ушул Тартиптин 6-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн өтүнмө ээлеринен өтүнмөлөр келип түшкөндө алар тарабынан өзүнүн укуктук статусун аныктоочу тиешелүү ченемдик акт берилет.
8. Эгерде өтүнмө ээлери ишкердик ишти жүзөгө ашыруучу жеке же юридикалык жактар болсо, илим, жогорку билим берүү жана инновациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өтүнмө ээсинен ушул Тартиптин 6-пунктунун 2–5-пунктчаларында каралган шарттардын бар экендигин белгилеген компетенттүү органдын корутундусун суроого укуктуу.
9. Мында көрсөтүлгөн корутундулар илим, жогорку билим берүү жана инновациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү органдар жана мекемелер тарабынан берилет:
1) ушул Тартиптин 6-пунктунун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн өтүнмө ээлерине карата – монополияга каршы саясат жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
2) ушул Тартиптин 6-пунктунун 3-пунктчасында көрсөтүлгөн өтүнмө ээлерине карата – ушул өтүнмө ээсинин иши карамагында турган тиешелүү мамлекеттик башкаруу органы;
3) ушул Тартиптин 6-пунктунун 4, 5-пункттарында көрсөтүлгөн өтүнмө ээлерине карата – өнөр жай жана/же соода чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана/же Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы.
10. Товардык белгилер, тейлөө белгилер катары белгиленген тартипте катталган, өтүнмө ээсинин (юридикалык жактын) аталышына окшош же “Манас” эпосунун үчилтигиндеги башкы каармандарынын ысымдарын жана алардын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз
айкаштарын камтыган белгилер болушу мүмкүн. Мындай учурда өтүнмө ээси тарабынан юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө юридикалык жактардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү реестринен күбөлүк же көчүрмө берилет.
11. Ушул Тартиптин 8–10-пункттарында көрсөтүлгөн документтер “Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинде каралган мөөнөттө берилүүгө тийиш.
12. Ушул Тартиптин 8 жана 10-пункттарында каралган документтер келип түшкөндө “Манас” эпосунун үчилтигиндеги башкы каармандарынын ысымдарын жана алардын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкаштарын товардык белгинин, тейлөө белгилеринин корголбогон элементи катары колдонуу мүмкүндүгү же мүмкүн эместиги жөнүндө эксперттик корутунду (мындан ары – экспертизанын корутундусу) он күндүн ичинде чыгарылат.
13. Экспертизанын корутундусун кароо жана илим, жогорку билим берүү жана инновациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын экспертизалоо үчүн милдеттүү чечимдерди кабыл алуусу үчүн “Манас” эпосунун үчилтигиндеги башкы каармандарынын ысымдарын жана алардын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкаштарын камтыган белгилер боюнча экспертизанын корутундуларын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары – комиссия) түзүлөт.
14. Комиссиянын чечими илим, жогорку билим берүү жана инновациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жарыяланат.
3- глава. Комиссиянын иши
15. Комиссиянын курамы илим, жогорку билим берүү жана инновациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан түзүлөт жана бекитилет.
16. Комиссиянын төрагасы илим, жогорку билим берүү жана инновациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан дайындалат.
17. Экспертизанын корутундусу комиссияга жөнөтүлөт.
18. Комиссияга берилген экспертизанын корутундусу ал келип түшкөн күндөн тартып он беш жумуш күндүн ичинде каралат. Жыйналышты комиссиянын төрагасы өткөрөт.
19. Комиссиянын чечими комиссиянын катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добуш берүүсү менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат. Комиссиянын чечими жазуу жүзүндө баяндалат жана
комиссиянын төрагасы жана комиссиянын бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлат.
20. Комиссиянын чечими өтүнмө боюнча чечим кабыл алуу үчүн илим, жогорку билим берүү жана инновациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга экспертизалоо үчүн белгиленген тартипте жиберилет.
21. Ушул Тартип күчүнө киргенге чейин өзүнүн товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде, юридикалык жактардын, алардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) фирмалык аталыштарында “Манас” эпосунун үчилтигиндеги башкы каармандарынын ысымдарын жана алардан келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкаштарын колдонуучу субъекттер товардык белгилерин, тейлөө белгилерин каттоо мөөнөтүн узартуу менен аны пайдалануу укугун сактап кала алат.
4- глава. Өтүнмөнү берүү тартиби
22. Өтүнмө Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактары тарабынан Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (ЭКМП) аркылуу электрондук түрдө, өтүнмө ээсин Идентификациялоонун бирдиктүү системасы (ИБС) аркылуу авторизациялоо менен берилет.
23. Өтүнмө төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде, юридикалык жактардын, алардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) фирмалык аталыштарында “Манас” эпосунун үчилтигиндеги башкы каармандарынын ысымдарын жана алардын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкаштарын колдонуу жөнүндө маалыматты, ал товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде, юридикалык жактардын, алардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) фирмалык аталыштарында колдонуу үчүн негиз болуп саналат;
2) пайдалануунун пландалган мөөнөтү жана шарттары жөнүндө маалыматты;
3) өтүнмө ээси зарыл деп эсептеген башка маалыматты.
24. Өтүнмө берилгенден кийин:
1) илим, жогорку билим берүү жана инновациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган документтерди кабыл алат жана аларды комиссияга жөнөтөт;
2) комиссия өтүнмөнү он беш жумуш күндүн ичинде карайт жана берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат;
3) комиссиянын чечими өтүнмө ээсине көрсөтүлгөн дарек же электрондук почта боюнча же болбосо ЭКПМдеги жеке кабинетине жиберилет.
5- глава. Комиссиянын чечимине даттануу тартиби
25. Товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде, юридикалык жактардын, алардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) фирмалык аталыштарында “Манас” эпосунун үчилтигиндеги башкы каармандарынын ысымдарын жана алардын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкаштарын колдонууга уруксат берүүдөн баш тартылган учурда өтүнмө ээси бул чечимге даттанууга укуктуу.
26. Даттануу комиссиянын чечимин алган датадан тартып он календардык күндүн ичинде тиешелүү кайрылуунун негизинде илим, жогорку билим берүү жана инновациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан административдик тартипте жүзөгө ашырылат.
27. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кайрылуу катталган датадан тартып он календардык күндүн ичинде аны карайт жана кароонун натыйжалары жөнүндө өтүнмө ээсине кабарлайт.
28. Административдик даттануунун натыйжалары менен макул болбогон учурда өтүнмө ээси комиссиянын чечимине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттук тартипте даттанууга укуктуу.
6- глава. Кайра өтүнмө берүү тартиби
29. Комиссия товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде, юридикалык жактардын, алардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) фирмалык аталыштарында “Манас” эпосунун үчилтигиндеги башкы каармандарынын ысымдарын жана алардын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкаштарын колдонууга уруксат берүүдөн баш тарткан учурда өтүнмө ээси кайрадан өтүнмө берүүгө укуктуу.
Кайра өтүнмө берүү комиссиянын баш тартуу жөнүндө чечимин алган датадан тартып 30 календардык күндүн ичинде илим, жогорку билим берүү жана инновациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
30. Кайра өтүнмө берүүдө өтүнмө ээси төмөнкүлөрдү тиркөөгө милдеттүү:
1) биринчи өтүнмөнүн көчүрмөсү жана комиссиянын баш тартуу жөнүндө чечими;
2) өтүнмөнүн оң каралышына таасир этүүчү кошумча же такталган маалыматтар жана документтер (мисалы, кошумча негиздемелер, колдонуунун максаттарын тактоо, биринчи өтүнмөдөгү каталарды оңдоо ж.б.);
3) биринчи өтүнмөнү кароодо эске алынбаган өзгөтүүлөрдүн же жаңы жагдайлардын негиздемеси.
31. Кайра берилүүчү өтүнмө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынат жана комиссияга жиберилет. Комиссия кайра берилген өтүнмөнү өтүнмө ээси берген жаңы маалыматтарды жана негиздемелерди эске алуу менен аны алган датадан тартып он беш жумуш күндүн ичинде карайт. Кайра берилген өтүнмө боюнча чечим биринчи берилген өтүнмөгө окшош тартипте жазуу жүзүндө кабыл алынат жана таризделет.
32. Кайра берилүүчү өтүнмө боюнча чечим кабыл алынгандан кийин ушул Тартиптин 23-пунктунда каралган тартипте өтүнмө ээсине жиберилет.
33. Кайра өтүнмө берүү комиссиянын чечимдерине даттануу мөөнөтүн токтото турбайт.
7- глава. Юридикалык жактардын, алардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) фирмалык аталыштарында “Манас” эпосунун үчилтигиндеги башкы каармандарынын ысымдарын жана алардын негизинде келип чыккан сөздөрдү
жана сөз айкаштарын колдонуу
34. Юридикалык жактардын, алардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) фирмалык аталыштарында “Манас” эпосунун үчилтигиндеги башкы каармандарынын ысымдарын жана алардын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкаштарын колдонуу ушул главада каралган учурларда жүзөгө ашырылат.
35. Он жылдан кем эмес иштеген жана Кыргыз Республикасынын облустарынын жарымынан көбүндө катталган филиалдары (өкүлчүлүктөрү) бар коммерциялык эмес уюм (диний уюмдардан тышкары) “Манас” эпосунун үчилтигиндеги башкы каармандарынын ысымдарын жана алардын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкаштарын өзүнүн аталышында колдонууга укуктуу.
36. Коммерциялык уюмдардын, алардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) фирмалык аталыштарында “Манас” эпосунун үчилтигиндеги башкы каармандарынын ысымдарын жана алардын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкаштарын төмөнкү учурларда колдонууга жол берилет:
1) уюм Кыргыз Республикасынын Президентинин же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча түзүлсө;
2) бир же бир нече жеке жана/же юридикалык жактардын, анын ичинде чет өлкөлүк жактардын чарбалык шериктештиктин же коомдун уставдык капиталына салымынын үлүшү бир миллиондон кем эмес эсептик көрсөткүчтү түзсө.
37. Ушул Тартип күчүнө киргенге чейин катталган (кайра катталган), өзүнүн фирмалык аталышында мурда эле “Манас” эпосунун үчилтигиндеги башкы каармандарынын ысымдарын жана алардын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкаштарын камтыган юридикалык жактар, алардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) мамлекеттик кайра каттоодон өткөн учурларды кошкондо, мындай аталышты колдонуу андан ары колдонуу укугун сактап калат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндөЗакон · 24.03.2023 · № 70
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-декабрындагы № 837 “Манас” эпосунун үчилтигиндеги башкы каармандардын ысымдарын колдонуу тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 26.12.2025 · № 837