# Көк-Бел айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-майындагы №32-02 Көк-Бел Айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлерине ижара салыктын базалык өлчөмүн бекитип берүү тууралуу токтому

- Толук аталышы: Көк-Бел айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-майындагы №32-02 Көк-Бел Айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлерине ижара салыктын базалык өлчөмүн бекитип берүү тууралуу токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 32-02
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230037897>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-49362/edition/44127/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көк-Бел айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-майындагы №32-02 Көк-Бел Айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлерине ижара салыктын базалык өлчөмүн бекитип берүү тууралуу токтому (29.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230037897

---

КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Көк-Бел айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз 32-сессиясы

2024-жылдын 29-майы №32-02 Көк-Бел Айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлерине ижара салыктын базалык өлчөмүн бекитип берүү тууралуу

Айыл өкмөтүнүн айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыкгын базалык өлчөмүн бекитип берүү тууралуу сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы № 329-НИ буйругунун жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 4-пунктчасына ылайык Көк-Бел айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Бел айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара акы, айыл чарба жер салыгынын базалык өлчөмүнүн коэфициенти К 10 дон 30 га чейинки өлчөмүндө белгиленсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адыбаевге тапшырылсын.

Төрага

А.Ашимов
