Көк-Бел айылдык кеңешинин Көк-Бел Айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлерине ижара салыктын базалык өлчөмүн бекитип берүү тууралуу токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Көк-Бел айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз 32-сессиясы
2024-жылдын 29-майы №32-02 Көк-Бел Айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлерине ижара салыктын базалык өлчөмүн бекитип берүү тууралуу
Айыл өкмөтүнүн айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыкгын базалык өлчөмүн бекитип берүү тууралуу сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы № 329-НИ буйругунун жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 4-пунктчасына ылайык Көк-Бел айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Бел айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара акы, айыл чарба жер салыгынын базалык өлчөмүнүн коэфициенти К 10 дон 30 га чейинки өлчөмүндө белгиленсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адыбаевге тапшырылсын.
Төрага
А.Ашимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Айыл Чарба министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы 329-ни "Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фонду үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларына жана…Приказ · 19.09.2022 · № 329-ни · Күчүн жоготкон