# Көк-Бел айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-январындагы №26-03 Көк-Бел айыл өкмөтүнүн аймагында жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын тартууга макулдук берүү жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Көк-Бел айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-январындагы №26-03 Көк-Бел айыл өкмөтүнүн аймагында жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын тартууга макулдук берүү жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 26-03
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230037878>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-49343/edition/44108/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көк-Бел айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-январындагы №26-03 Көк-Бел айыл өкмөтүнүн аймагында жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын тартууга макулдук берүү жөнүндө токтому (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230037878

---

КөК-БЕЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Көк-Бел айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги 26-сессиясы

2024-жылдын 12-январы №26-03 Көк-Бел айыл өкмөтүнүн аймагында жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123“ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ”” Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жыл №62 “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери” Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 429 “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жөнүндө” токтомуна таянып, “Сателлит” ачык акционердик коомунун арызын карап жана талкуулап чыгып, Көк-Бел айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Бел айыл аймагы аркылуу 6км аралыкка жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын тартууга уруксат берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү иш кагаздарды даярдоо айыл өкмөттүн башчысы К. Карыбековго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Бел айылдык Кеңешинин бюджет, экономика жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

А.Ашимов
