# Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 04.04.2025 №6/3 Ынтымак айыл аймагынын Жаны-Арык айылындагы №676 контурдагы 20.0 га таза жайыт жер аянтына кыш завод куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 04.04.2025 №6/3 Ынтымак айыл аймагынын Жаны-Арык айылындагы №676 контурдагы 20.0 га таза жайыт жер аянтына кыш завод куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 6/3
- Кабыл алынган күнү: 04.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230037849>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-49314/edition/44078/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 04.04.2025 №6/3 Ынтымак айыл аймагынын Жаны-Арык айылындагы №676 контурдагы 20.0 га таза жайыт жер аянтына кыш завод куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө токтому (04.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230037849

---

ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясынын № 6/3 токтому

04.04.2025

Жаңы-Арык айылы Ынтымак айыл аймагынын Жаны-Арык айылындагы №676 контурдагы 20.0 га таза жайыт жер аянтына кыш завод куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө Ынтымак айыл аймагынын социалдык экономикалык абалын жогорлатуу максатында социалдык жана өндүрүштүк багыттагы обьектерди куруу үчүн “Айыл чарба коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) үчүн, 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” №145 мыйзамынын 1-главасынын 3-беренесине жана 20га жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндөгү сунушун, алдын ала берилген материалдар менен таанышып талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесине жана Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 20-январындагы №6 мыйзамынын 1-беренесинин 8,4-пункттарына таянып, Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Ынтымак айыл аймагынын Жаны-Арык айылындагы №676 контурдагы 20.0га таза жайыт жер аянтына кыш завод куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттук байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.

2. Токтомду мыйзамдын талаптарына ылайык аткаруу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер адисине милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, өндүрүштү көтөрүү, кайра иштетүү иш каналар менен иш алып баруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Тѳрага

А.Дунаев
