# Көк-Бел айыл айылдык кеңешинин 2024-жылдын 5-сентябрындагы №34-04 Көк-Бел айылдык кеңешинин 2024-жылдын № 26-04 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Көк-Бел айыл айылдык кеңешинин 2024-жылдын 5-сентябрындагы №34-04 Көк-Бел айылдык кеңешинин 2024-жылдын № 26-04 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 34-04
- Кабыл алынган күнү: 05.09.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.09.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230037826>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-49291/edition/44056/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.09.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көк-Бел айыл айылдык кеңешинин 2024-жылдын 5-сентябрындагы №34-04 Көк-Бел айылдык кеңешинин 2024-жылдын № 26-04 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө токтому (05.09.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230037826

---

КөК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Көк-Бел айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз 34-сессиясы

2024-жылдын 5-сентябры №34-04 Көк-Бел айылдык кеңешинин 2024-жылдын № 26-04 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123“ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ” Мыйзамынын, 2023-жыл 4-август № 385- Токтомунун, Кыргыз Республикасынын бюджет кодексинин 109- жана 115- беренелеринин негизинде айыл аймакка зарыл болгон иш чараларды чечүү максатында, Көк-Бел айылдык кеңеши токтом кылат:

1.Көк-Бел айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө уруксат берилсин.

2.Көк-Бел айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин атайын каражаттарына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө уруксат берилсин.

3.Токтомдун аткарылышы Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы М.Маматовго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ш.Дадабаевге тапшырылсын.

4.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Көк-Бел айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

А.Ашимов
