# Жекенди айылдык Кеңешинин 15.01.2025 №12 Жекенди айыл аймагына караштуу Жалгыз-Күңгөй участкасынан 5,0 га жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Жекенди айылдык Кеңешинин 15.01.2025 №12 Жекенди айыл аймагына караштуу Жалгыз-Күңгөй участкасынан 5,0 га жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 29.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230037728>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-49194/edition/43957/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жекенди айылдык Кеңешинин 15.01.2025 №12 Жекенди айыл аймагына караштуу Жалгыз-Күңгөй участкасынан 5,0 га жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө токтому (29.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230037728

---

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын сегизинчи чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясынын ТОКТОМУ

29.01.2025 № 12

Кара-Мык айылы

Жекенди айыл аймагына караштуу Жалгыз-Күңгөй участкасынан 5,0 га жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө

Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековдун Жалгыз-Күңгөй участкасынан 5,0 га жер аянтын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңешинин кезектеги үчүнчү сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жекенди айылдык аймагына караштуу Жалгыз-Күнгөй участкасынан 5,0 га жер аянтын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2.Тийиштүү документтерди бүтүрүп, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековго милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Зикир уулу Мухамеддыканга тапшырылсын.

Тѳрага

Мурзапар уулу Н.
