# Жекенди айылдык Кеңешинин 15.01.2025 №7 Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу Шоро участкасынан 20,0 га жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө токтом

- Толук аталышы: Жекенди айылдык Кеңешинин 15.01.2025 №7 Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу Шоро участкасынан 20,0 га жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө токтом
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 15.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230037722>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-49189/edition/43952/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жекенди айылдык Кеңешинин 15.01.2025 №7 Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу Шоро участкасынан 20,0 га жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө токтом (15.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230037722

---

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын сегизинчи чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясынын ТОКТОМУ

15.01.2025 № 7

Кара-Мык айылы

Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу Шоро участкасынан 20,0 га жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө

Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековдун Шоро участкасынан жайыт эсебиндеги 20,0 га жер аянтын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүнөн “ сугат айдоо түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңешинин кезектеги экинчи сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жекенди айылдык аймагына караштуу Шоро участкасынан жайыт эсебиндеги 20,0 га жер аянтын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүнөн сугат айдоо түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2.Тийиштүү документтерди бүтүрүп, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековго милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Зикир уулу Мухамеддыканга тапшырылсын.

Тѳрага

Мурзапар уулу Н.
