Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Жекенди айылдык Кеңешинин 15.01.2025 №5 Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу № 49 контурундагы 2.50 га жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө токтому
Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын сегизинчи чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясынын ТОКТОМУ
15.01.2025 № 5
Кара-Мык айылы
Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу № 49 контурундагы 2.50 га жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековдун № 01-2/ 1507 20.12.2024-жылдагы, № 49 контурундагы 2,50 га жайыт жер аянтын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүнөн “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Жекенди айылдык кеңешинин кезектеги экинчи сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жекенди айылдык аймагына караштуу № 49 контурундагы 2,50 га жайыт жер аянтын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүнөн “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.Тийиштүү документтерди бүтүрүп, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибеовго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Зикир уулу Мухамеддыканга тапшырылсын.
Тѳрага
Мурзапар уулу Н.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобо" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындягы № 169 токтому менен бекитилген)Временное положение · 19.03.2014 · № 169 · Күчүн жоготкон