# Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 08-майындагы №1 Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Культцентрден Кожо-Келен айылына чейинки ысым ыйгарылган көчөгө өзгөртүү киргизүү жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 08-майындагы №1 Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Культцентрден Кожо-Келен айылына чейинки ысым ыйгарылган көчөгө өзгөртүү киргизүү жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 08.05.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230037712>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-49181/edition/43944/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 08-майындагы №1 Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Культцентрден Кожо-Келен айылына чейинки ысым ыйгарылган көчөгө өзгөртүү киргизүү жөнүндө токтому (08.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230037712

---

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 30-сессиясы

2024-жылдын 08-майы № 1

Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Культцентрден Кожо-Келен

айылына чейинки ысым ыйгарылган көчөгө өзгөртүү киргизүү жөнүндө.

Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап чыгып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомостволор аралык комиссия жөнүндө Жобону талаптырына ылайык. Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 2023-жылдын 7-июлундагы кезектеги XX сессиясындагы №X токтомуна өзгөртүү киргизүү максатында

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргы Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-августундагы №488, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрдагы №353 токтомдорунун редакцияларына ылайык, Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү Культцентрден Жолчулар көпүрөсүнө чейин Кара-Гур айылынын элдеринин нааразычылыгы эске алынып, Кара-Гур көчөсү боюнча калтырылсын.

2. Жолчулар көпүрөсүнөн Кожо-Келен айылындагы №1-үйгө чейин жана Кожо-Келен айылынын Тескей жагындагы жолдон №1-үйдөн 28-үйгө чейин Меңдибаев Бакир көчөсү боюнча калтырылып, Ысым берүү боюнча Кожо-Келен айылынын жашоочуларынын протоколу бекитилсин.

3. Жолчулар көпүрөсүнөн Кожо-Келен айылындагы №1-үйгө чейин жана Кожо-Келен айылынын Тескей жагындагы жолго да ат коюлган. №1-үйдөн №28-үйгө чейин маркум Меңдибаев Бакирдин үй-бүлөө мүчөлөрүнө ушул көчөлөрдүн ар кандай социалдык маселелер (жол тегиздөө, жарык орнотуу, көпүрө, электр мамычаларын орнотуу ж.б) чечүүгө түздөн түз катышуусу жана турак үйлөргө, объектилерге катар номерлерди илүү зарылчылыгы жеткирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Токтосуновко милдеттендирилсин.

Төрага:

Т.Тагаев
