# Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 05-апрелиндеги №7 Жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 05-апрелиндеги №7 Жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 05.04.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230037708>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-49177/edition/43940/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 05-апрелиндеги №7 Жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө токтому (05.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230037708

---

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 28-сессиясы

2024-жылдын 05-апрели № 7

Жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө.

Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясында, Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 05.04.2024-жылдагы чыгыш №01- 19/327 сандуу катын канааттандыруу максатында, Папан айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылынын Сары-Талаа участкасына кичи ГЭС куруу үчүн «Өнөр жайдын, транспорт, энергетика, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу (трансформациялоо) жерге жайгаштыруу ишинин материалдарын 2024-жылдын 20-февралында Кара-Суу райондук мамлекеттик администрация комиссиясынан чыккан корутундусуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтомуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 31-июлдагы №378 токтомуна ылайык, Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши карап жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Папан айыл аймагынын Сары-Талаа участкасындагы №244-245-контурдагы 3,07га жайыт, №269 контурдагы 3,11 га жайыт, №271 контурдагы 0,17 га айыл чарбасынын ыңгайсыз жер, №5 контурдагы 0,62 га жол, жалпысы болуп 6,97 га, Жер аянтына кичи ГЭС куруу үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорт, энергетика, байланыштын коргонуунун жерлери жана башка багытта жерлер» категориясына которууга (трансформациялоо) боюнча макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Токтосуновко милдеттендирилсин.

3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага:

Т.Тагаев
