# Кеңеш айылдык кеңешинин 2024-жылдын 21-майындагы №27-2 Айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыкгын базалык өлчөмүн бекитип берүү тууралуу токтому

- Толук аталышы: Кеңеш айылдык кеңешинин 2024-жылдын 21-майындагы №27-2 Айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыкгын базалык өлчөмүн бекитип берүү тууралуу токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 27-2
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230037673>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-49142/edition/43905/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кеңеш айылдык кеңешинин 2024-жылдын 21-майындагы №27-2 Айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыкгын базалык өлчөмүн бекитип берүү тууралуу токтому (21.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230037673

---

КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кенеш айылдык кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги 27-сессиясы

2025-жылдын 21-майы №27-2

Айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыкгын базалык өлчөмүн бекитип берүү тууралуу

Айыл өкмөтүнүн айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыкгын базалык өлчөмүн бекитип берүү тууралуу сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы № 329-НИ буйругунун жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 4-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кеңеш айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыкгын базалык өлчөмүнүн коэфициенти К 10 дон 30 га чейинки өлчөмүндө белгиленсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

Төрага

О.С. Абдырахманов
