Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кеңеш айылдык кеңешинин Айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыкгын базалык өлчөмүн бекитип берүү тууралуу токтому
КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кенеш айылдык кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги 27-сессиясы
2025-жылдын 21-майы №27-2
Айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыкгын базалык өлчөмүн бекитип берүү тууралуу
Айыл өкмөтүнүн айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыкгын базалык өлчөмүн бекитип берүү тууралуу сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы № 329-НИ буйругунун жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 4-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыкгын базалык өлчөмүнүн коэфициенти К 10 дон 30 га чейинки өлчөмүндө белгиленсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага
О.С. Абдырахманов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Айыл Чарба министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы 329-ни "Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фонду үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларына жана…Приказ · 19.09.2022 · № 329-ни · Күчүн жоготкон