# Кеңеш айылдык кеңешинин 2024-жылдын 13-январындагы №24-5 Айыл аймагында жайгашкан мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги тарбияланып жаткан балдардын тамак-ашына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө токтом

- Толук аталышы: Кеңеш айылдык кеңешинин 2024-жылдын 13-январындагы №24-5 Айыл аймагында жайгашкан мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги тарбияланып жаткан балдардын тамак-ашына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө токтом
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 24-5
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230037647>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-49116/edition/43879/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кеңеш айылдык кеңешинин 2024-жылдын 13-январындагы №24-5 Айыл аймагында жайгашкан мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги тарбияланып жаткан балдардын тамак-ашына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө токтом (13.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230037647

---

КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кенеш айылдык кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы

2025-жылдын 13-январы №24-5

Айыл аймагында жайгашкан мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги тарбияланып жаткан балдардын тамак-ашына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Кеңеш айыл аймагына караштуу мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги тарбияланып жаткан балдардын тамак-ашы үчүн жергиликтүү бюджеттен бир бала үчүн бир күнүнө 10 сомдон акча карап берүү тууралуу айыл өкмөтүнүн сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-2-пунктчасына жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндөгү 2023-жылдын 11-августундагы №179-мыйзамынын 28-беренесинин 4-пунктунун 2-пункчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кеңеш айыл аймагына караштуу мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги тарбияланып жаткан балдардын тамак-ашы үчүн жергиликтүү бюджеттен бир бала үчүн бир күнүнө 10 сомдон акча каражаты ажыратылып берилсин.

2. Ажыратылган акча каражатын таап каржылоо жагы айыл өкмөтүнө жана ФЭБнө жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кеңеш айылдык кеңешинин бюджет,экономика,муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кубанычбек уулу Мурасбекке тапшырылсын.

Төрага

О.С. Абдырахманов
