Т.Кулатов айылдык кеңешинин Т.Кулатов айыл аймагынын Аксакалдар сотунун типтүү регламентин бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы
2025-жылдын 11-апрели №6-2
Т.Кулатов айыл аймагынын Аксакалдар сотунун типтүү регламентин бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Т.Кулатов айыл аймагынын Аксакалдар сотунун типтүү регламентин бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселе боюнча айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, 2024-жылдын 19-февралындагы №52 “Аксакалдар соттору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренсинин 3-пунктуна таянып, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Т.Кулатов айыл аймагынын Аксакалдар сотунун типтүү регламентин бекитип берүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомду аткарууга алуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага
А.Эшимбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Аксакалдар соттору жөнүндөЗакон · 19.02.2024 · № 52