# Ош шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-февралындагы №21 Ош шаарынын аймагында жайгашкан турак-жай имараттарына жана жайларына мүлк салыгын эсептөөдө мүлктүн ар бир чарчы метрине салык ставкасын бекитүү жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-февралындагы №21 Ош шаарынын аймагында жайгашкан турак-жай имараттарына жана жайларына мүлк салыгын эсептөөдө мүлктүн ар бир чарчы метрине салык ставкасын бекитүү жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 21
- Кабыл алынган күнү: 27.02.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230037419>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-48912/edition/43667/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230037419.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-февралындагы №21 Ош шаарынын аймагында жайгашкан турак-жай имараттарына жана жайларына мүлк салыгын эсептөөдө мүлктүн ар бир чарчы метрине салык ставкасын бекитүү жөнүндө токтому (27.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230037419

---

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ош шаардык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

2025-жылдын 27-февралы №21 Ош шаарынын аймагында жайгашкан турак-жай имараттарына жана жайларына мүлк салыгын эсептөөдө мүлктүн ар бир чарчы метрине салык ставкасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 379-беренесин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын аймагында жайгашкан турак-жай имараттарына жана жайларына мүлк салыгын эсептөөдө мүлктүн ар бир чарчы метрине салык ставкасын бекитүү жөнүндөгү Ош шаарынын мэриясынын сунушун карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 20-февралындагы №4 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:

1.2025-2027-жылдарга Ош шаарынын аймагында жайгашкан турак-жай имараттарына жана жайларына мүлк салыгын эсептөөдө мүлктүн ар бир чарчы метрине 65 сом өлчөмүндө салык ставкасы бекитилсин.

2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

3. Токтом кол койгон күндөн баштап күчүнө кирет.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.И.Шайиев) жүктөлсүн.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.И.Шайиев) жүктөлсүн.

Төрага

Б.Т.Баетов
