# Ош шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-февралындагы №19 2025-жылга Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы “Ош шаарында таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын бекитүү жөнүндө” №31 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-февралындагы №19 2025-жылга Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы “Ош шаарында таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын бекитүү жөнүндө” №31 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 27.02.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230037407>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-48902/edition/43658/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230037407.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-февралындагы №19 2025-жылга Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы “Ош шаарында таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын бекитүү жөнүндө” №31 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө токтому (27.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230037407

---

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ош шаардык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

2025-жылдын 27-февралы №19 Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы “Ош шаарында таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын бекитүү жөнүндө” №31 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Салык эмес кирешелер жөнүндөгү” Кодексинин 74, 75 жана 76-беренелерин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы “Ош шаарында таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын бекитүү жөнүндө” №31 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы. А.Сатыбалдиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 17-февралындагы №1 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:

1.Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы “Ош шаарында таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын бекитүү жөнүндө” №31 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин; -1-пункттун:

1-пунктчасындагы “ар бир кызматкерден эсептик көрсөткүчтүн 50 пайыз өлчөмүндө” деген сүйлөм “ар бир кызматкерден бир эсептик көрсөткүчтүн 100 пайыз өлчөмүндө” деген сүйлөм менен алмаштырылсын. 3-пунктчасындагы “ар бир кызматкерден эсептик көрсөткүчтүн 50 пайыз өлчөмүндө” деген сүйлөм “ар бир кызматкерден бир эсептик көрсөткүчтүн 100 пайыз өлчөмүндө” деген сүйлөм менен алмаштырылсын.

2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

3. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.И.Шайиев) жүктөлсүн.

Төрага

Б.Т.Баетов
