# Чон-Алай айылдык кенешинин 2025-жылдын 10-майындагы №1 Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылына ачылган Дароот-Коргон тарыхый музейине штаттык бирдик кароого макулдук берүү жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Чон-Алай айылдык кенешинин 2025-жылдын 10-майындагы №1 Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылына ачылган Дароот-Коргон тарыхый музейине штаттык бирдик кароого макулдук берүү жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 10.05.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230037405>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-48898/edition/43655/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чон-Алай айылдык кенешинин 2025-жылдын 10-майындагы №1 Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылына ачылган Дароот-Коргон тарыхый музейине штаттык бирдик кароого макулдук берүү жөнүндө токтому (10.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230037405

---

ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Чоң-Алай айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын 38-сессиясы

2024-жылдын 10-майы №1

Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылына ачылган Дароот-Коргон тарыхый музейине штаттык бирдик кароого макулдук берүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 185 токтомун аткарууга алып Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 185 токтомуна ылайык Дароот-Коргон тарыхый музейине башкы сактоочу кызмат орунуна 1 штаттык бирдик ал эми жана кенже тейлөөчү кызмат орунуна 1 штаттык бирдик жалпы 2 штаттык бирдик каралсын.

2. Токтомду аткаруу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана ФЭБ башчысы О.Сейдановго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

С.Мойдунов
