# Ош шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-февралындагы №18 2025-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгили жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-февралындагы №18 2025-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгили жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 27.02.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230037401>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-48899/edition/43652/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230037401.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-февралындагы №18 2025-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгили жөнүндө токтому (27.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230037401

---

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ош шаардык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

2025-жылдын 27-февралы №18 2025-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгили жөнүндө Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, 2025-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгили жөнүндө Ош финансы башкармалыгынын башчысы К.Абдыкадыровдун маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 20-февралындагы №2 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:

1.Ош шаарынын 2025-жылга карата жергиликтүү бюджетинин кирешелери 1-тиркемеге ылайык жана чыгашалары 2-тиркемеге ылайык 3 425 313,8 миң сом суммасында бекитилсин.

2.2026-2027-жылдарга Ош шаарынын бюджетинин төмөнкүдөй пландык параметрлери 3,4-тиркемелерге ылайык жактырылсын:

- кирешелер жана чыгашалар боюнча 2026-жылга – 3 428 644,0 миң сом суммасында, 2027-жылга – 3 453 298,3 миң сом суммасында.

- 2026-2027-жылдарга жактырылган шаардын бюджетинин пландык параметрлери аларды ар бир конкреттүү мезгилге кабыл алууда такталууга тийиш.

3.Төмөнкүлөр белгиленсин:

- 2025-жылга чыгашаларды каржылоо иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде жүргүзүлө тургандыгы. Мында биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер ("Эмгек акы", "Социалдык фондго төгүмдөр", "Медикаменттерди жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алуу", "Тамак-аш азык-түлүктөрүн сатып алуу", "Социалдык камсыздоо боюнча жөлөкпулдар", "Калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпулдар", "Стипендиялар"), коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр беренелери боюнча чыгашаларды, ошондой эле карыздык милдеттенмелерди каржылоо жүргүзүлсүн;

- Каражаттарды чыгымдоо жана чыгаша беренелерин максаттуу пайдалануу жоопкерчилиги бюджеттик мекемелердин жана муниципалдык ишканалардын жетекчилерине жүктөлөт.

4.Ош шаары боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 2025-жылдын 1-январына карата 5 000,0 миң сом суммасында бекитилсин.

5.Бюджеттик уюмдарга жана мекемелерге атайын каражаттарды казыначылык тутумунан тышкары пайдаланууга тыюу салынсын.

6.Ушул токтом менен бекитилген бюджеттик параметрлерди өзгөртүү ага тиешелүү түзөтүүлөр кабыл алынганга чейин зарыл болгон учурда Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы менен макулдашуу боюнча аткарылышы мүмкүн.

7.Жергиликтүү бюджеттин эсебинен Ош шаарынын мэриясына караштуу муниципалдык мекеме-ишканаларга берилүүчү субсидиялардын көлөмү 5-тиркемеге ылайык бекитилсин.

8.Жергиликтүү бюджеттин эсебинен Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу билим берүү уюмдарындагы жана башка социалдык мекемелердеги балдардын жана карыялардын күнүмдүк тамактануусунда төмөндөгү ченемдер белгиленсин:

1) жалпы билим берүү уюмдарындагы 1-4-класстардын окуучулары үчүн-15 сом;

2) кургак учук оорусуна каршы санатордук типтеги № 40 “Наристе” мектепке чейинки билим берүү уюмундагы балдар үчүн-50 сом;

3) № 11 “В.В. Терешкова” атындагы мектеп-интернатында жатып окуган окуучулар үчүн-110 сом;

4) № 12 “Крупская” атындагы көмөкчү мектеби окуучулары үчүн-220 сом;

5)“Алтын Уя”, “Лотос” балдар үйлөрүндөгү балдар үчүн-220 сом;

6) “Боорукердик” үй-интернатындагы карыялар үчүн-200 сом, балдар үчүн-220 сом;

7) Ош шаардык бокс жана оор атлетика спорт мектебинин “Бокс интернатындагы” балдар үчүн-220 сом.

9. Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 20-июнундагы №142 токтому менен бекитилген "Ош шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жеңилдиктерди алууга укугу бар тургундарга социалдык колдоо көрсөтүүнүн тартиби жѳнүндѳ" жобого ылайык Ош шаарынын мэринин ай сайын берилүүчү стипендиясынын суммасы бир жаранга бир айына 1250 сом өлчөмдө белгиленсин.

10.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы № 157 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын социалдык кызматкери жөнүндө жобого" ылайык Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Ош шаардык башкармалыгында иштеген социалдык кызматкерлер үчүн бир кызматкерге бир айына 7000 сом өлчөмдө кошумча жеңилдиктер белгиленсин.

11.“Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын, Ош шаарынын мэриясынын жарандарды тейлөө бюросунун, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын (титулдук баракчасынын эсебинен каржыланган жумушчулар), “Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак жай-коммуналдык ишканасы” муниципалдык ишканасынын, “Ошсвет” муниципалдык ишканасынын, “Ошасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын, Ош шаарынын маданият башкармалыгынын (иш-чаралары), “А.Суюмбаев атындагы Ош шаардык стадиону жана “Алай” футболдук клубу” муниципалдык ишканасынын, Ош шаарынын мэриясынын “Агрардык чарба” муниципалдык ишканасынын кенже тейлөөчү кызматкерлеринин кызматтык маяналарына 2025-жылдын 1-январынан тартып ай сайын төлөнүүчү үстөк акылардын өлчөмү 6-тиркемеге ылайык белгиленсин.

12.Ош шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын, Ош шаардык кеңешинин аппаратынын муниципалдык, техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкерлеринин кызматтык маяналарына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100 пайыз өлчөмдө үстөк 2025-жылдын 1-январынан тартып белгиленсин.

13.Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын, Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин, Ош шаарынын маданият башкармалыгынын, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык жана айылдык аймактык башкармалыктарынын муниципалдык кызматкерлеринин кызматтык маяналарына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 40 пайыз, башкы эсепчилерге 6250 сом, эсепчилерге, чарба башчыларына 5000 сом, айдоочуларга 3750 сом, катчыларга, операторлорго, иш кагаздарын жүргүзүүчү кызматкерлерге 2500 сом, кенже тейлөөчү кызматкерлерге 2000 сом өлчөмдө үстөк 2025-жылдын 1-январынан тартып белгиленсин.

14.Ош шаарынын мэриясынын алдындагы автогараждын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 7000 сом өлчөмдө үстөк 2025-жылдын 1-январынан тартып белгиленсин.

15.“Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын, “Ошсвет” муниципалдык ишканасынын, Ош шаарынын жарандарын тейлөө бюросунун, “Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак жай-коммуналдык ишканасы” муниципалдык ишканасынын, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын (титулдук баракчасынын эсебинен каржыланган чарба башчысына), “Ошасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын, “А.Суюмбаев атындагы Ош шаардык стадиону жана “Алай” футболдук клубу” муниципалдык ишканасынын, Ош шаарынын мэриясынын “Агрардык чарба” муниципалдык ишканасынын административдик-техникалык кызматкерлеринин кызматтык маяналарына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 40 пайыз өлчөмдө үстөк 2025-жылдын 1-январынан тартып белгиленсин.

16.Кармышак Ташбаев атындагы Ош шаардык борборлоштурулган китепкана тармагынын, “Боорукердик” үй-интернатынын, Ош шаарынын маданият башкармалыгынын эсепканасынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 4000 сом өлчөмдө үстөк 2025-жылдын 1-январынан тартып белгиленсин.

17.Ош шаарынын мэриясынын алдындагы көп тармактуу “Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү борбору” мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 6000 сом, үч психолог жана бир социалдык педагог кызматкерлеринин транспорттук чыгымдары үчүн айына 3000 сом өлчөмдө үстөк 2025-жылдын 1-январынан белгиленсин. 18.Ош шаарынын жарандарын социалдык жактан коргоо боюнча иш-чараларын каржылоого чыгашалар 7-тиркемеге ылайык бекитилсин.

19.2025-2026-2027-жылдарга Ош шаары боюнча бюджеттик программалардын жана чаралардын түзүмү 8-тиркемеге ылайык бекитилсин.

20.Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2025-жылдын 1-январына калган акча каражатынын калдыгынын эсебинен каржылануучу иш-чаралардын тизмеси 9-тиркемеге ылайык бекитилсин.

21.Салык жана салыктык эмес түшүүлөр боюнча бекитилген киреше бөлүктүн (ар бир түрү боюнча) толук көлөмдө аткарылышы үчүн Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын, Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары жана түштүк региону боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын, “Ош шаарынын борбордук базар дирекциясы”, “Жапалак автоунаа базары” муниципалдык ишканаларынын жетекчилерине жеке жоопкерчилик жүктөлсүн.

22. Ош шаарынын мэриясына:

-2025-жылдын ар кварталы сайын Ош шаарынын 2025-жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча отчетун даярдоо; -2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен Ош шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планын иштеп чыгууга акча каражатын таап, каржылоо жагы тапшырылсын.

23.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

24. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

25.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.И.Шайиев) жүктөлсүн.

26.Ушул токтом 2025-жылдын 1-январынан тартып колдонулат.

Төрага

Б.Т.Баетов
