# Жекенди айылдык кеңешинин 2025-жылдын 27-апрелиндеги №27 Жекенди айыл аймагына караштуу 30,0 га жер аянтты бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Жекенди айылдык кеңешинин 2025-жылдын 27-апрелиндеги №27 Жекенди айыл аймагына караштуу 30,0 га жер аянтты бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 27
- Кабыл алынган күнү: 27.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230037287>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-48784/edition/43537/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жекенди айылдык кеңешинин 2025-жылдын 27-апрелиндеги №27 Жекенди айыл аймагына караштуу 30,0 га жер аянтты бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө токтому (27.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230037287

---

ЖЕКЕНДИ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жекенди айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы

2025-жылдын 27-апрели №27 Жекенди айыл аймагына караштуу 30,0 га жер аянтты бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө Жекенди айылдык аймагындагы № 1965- контурундагы таштуу жайыттагы 7,18 га, № 1964-контурундагы таштуу жайыттагы 21,70 га жер, № 1969-контурундагы таштуу жайыттагы 1,12 га, жалпы 30 га жайыт жер аянтын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүнөн “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Жекенди айылдык кеңешинин кезектеги экинчи сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жекенди айылдык аймагындагы № 1965- контурундагы таштуу жайыттагы 7,18 га, № 1964-контурундагы таштуу жайыттагы 21,70 га жер, № 1969-контурундагы таштуу жайыттагы 1,12 га, жалпы 30 га жайыт жер аянтын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүнөн “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2.Тийиштүү документтерди бүтүрүп, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибеовго милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Зикир уулу Мухамеддыканга тапшырылсын.

Төрага

Н.Мурзапар уулу
