# Мырза-Аке айылдык кенешинин 2025-жылдын 9-сентябры № 62 Ваучерге кабыл алынган балдардын тамак-ашына акча каражат бөлүү жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Мырза-Аке айылдык кенешинин 2025-жылдын 9-сентябры № 62 Ваучерге кабыл алынган балдардын тамак-ашына акча каражат бөлүү жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 09.09.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230037269>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-48764/edition/43517/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мырза-Аке айылдык кенешинин 2025-жылдын 9-сентябры № 62 Ваучерге кабыл алынган балдардын тамак-ашына акча каражат бөлүү жөнүндө токтому (09.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230037269

---

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Мырза-Аке айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектүү VII сессиясы

2025-жылдын 9-сентябры № 62

Ваучерге кабыл алынган балдардын тамак-ашына акча каражат бөлүү жөнүндө

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VIII чакырылышынын) депутаттарынын кезектүү VII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-ноябрындагы № 693 токтомунун негизинде « Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык «Финансы экономика,бюджет,экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция » боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши токтом кылат.

1. Мырза-Аке айыл аймагында жашаган, балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук негизде, ваучерге кабыл алынган балдардын тамак –ашына бөлүнгөн акча каражаттан, ар бир балага бир күнүнө 200(эки жүз) сомдон, айына 100 (бир жүз мин) сомдон каралып, бөлүнүп берилсин.

2. Токтомдуу аткаруу жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрайым

Г.Жороева
