# Жекенди айылдык кеңешинин 2025-жылдын 27-февралындагы №16 Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу № 1467 контурундагы 2.50 га аянтты бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Жекенди айылдык кеңешинин 2025-жылдын 27-февралындагы №16 Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу № 1467 контурундагы 2.50 га аянтты бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 27.02.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230037227>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-48727/edition/43481/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жекенди айылдык кеңешинин 2025-жылдын 27-февралындагы №16 Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу № 1467 контурундагы 2.50 га аянтты бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө токтому (27.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230037227

---

ЖЕКЕНДИ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жекенди айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 2-сессиясы

2025-жылдын 27-февралы №16 Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу № 1467 контурундагы 2.50 га аянтты бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековдун № 01-2/ 1507 20.12.2024-жылдагы, № 1467 контурундагы 2,50 га жайыт жер аянтын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүнөн “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Жекенди айылдык кеңешинин кезектеги экинчи сессиясы токтом кылат:

1.Жекенди айылдык аймагына караштуу № 1467 контурундагы 2,50 га жайыт жер аянтын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүнөн “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2.Тийиштүү документтерди бүтүрүп, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибеовго милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Зикир уулу Мухамеддыканга тапшырылсын.

Төрага

Н.Мурзапар уулу
