# Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 26-февралы, №3/5, Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүндө Аксакалдар сотунун Типтүү Регламентин бекитүү жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 26-февралы, №3/5, Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүндө Аксакалдар сотунун Типтүү Регламентин бекитүү жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3/5
- Кабыл алынган күнү: 26.02.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230037113>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-48621/edition/43374/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 26-февралы, №3/5, Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүндө Аксакалдар сотунун Типтүү Регламентин бекитүү жөнүндө токтому (26.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230037113

---

ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (8-шайланган) кезексиз III-сессиясы

2025-жылдын 26-февралы № 3/5

Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүндө Аксакалдар сотунун Типтүү Регламентин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 17-декабрындагы №01-25/342 буйругунун негизинде Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ой-Тал айыл аймагынын Аксакалдар сотунун регламенти 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы А.Бакашовага милдеттендирилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ой-Тал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы Э.Үркүнов) тапшырылсын.

Төрага:

К.Т.Кийизбаев
