# Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-сентябры № 66 Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы № 194 “Тынчтык жөнүндө” мыйзамын аткарууга алуу жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-сентябры № 66 Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы № 194 “Тынчтык жөнүндө” мыйзамын аткарууга алуу жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 08.09.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230037016>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-48529/edition/43280/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-сентябры № 66 Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы № 194 “Тынчтык жөнүндө” мыйзамын аткарууга алуу жөнүндө токтому (08.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230037016

---

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы

2025-жылдын 8-сентябры № 66

Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы № 194 “Тынчтык жөнүндө” мыйзамын аткарууга алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы № 194 “Тынчтык жөнүндө” мыйзамынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 22-августундагы № 01-38/082 жана Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 04- сентябрындагы № 01-14/ 312 каттарын аткаруу максатында, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат,

1. Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 “Тынчтык жөнүндө” мыйзамынын талаптары так жана үзгүлтүксүз аткарылышы камсыздалсын.

2. Салтанаттуу иш-чаралар, коомдук тамактануу жана көңүл ачуу жайлардын ишмердүүлүгү мыйзамда белгиленген 22:00 дөн кийинки тынчтык режимин бузбоо менен уюштурулушу көзөмөлгө алынсын.

3. Айылдык кеңештин токтомуна көмөк көрсөтүү жагы Өзгөн РИИБ нөн суралсын.

4. Мыйзамдуу иш алып баруу жагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековго милдеттендирилсин.

5. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы А. Айбашевге бул токтомду жарыяласын жана Юстиция башкармалыгына каттоого жөнөтүлсүн.

6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт, дин, тил), соода саттык, тейлөө, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына (У. Султановага) жүктөлсүн.

Төрага

К. С. Мусаев
