Ош шаардык Кеңешинин 2025-2026-жылдарга карата Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү менчиктештирүү Программасын бекитүү жөнүндө токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XIII СЕССИЯСЫ (VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 10-сентябры № 74 2025-2026-жылдарга карата Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү менчиктештирүү Программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 13-беренесине ылайык, 2025-2026-жылдарга карата Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү менчиктештирүү Программасын бекитүү жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын сунушун карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 26-августундагы №43 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.2025-2026-жылдарга карата Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү менчиктештирүү Программасы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Төрага:
Б.Т. Баетов
Ош шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 10-сентябрындагы XIII сессиясынын №74 токтомуна тиркеме
2025-2026-жылдарга карата Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү менчиктештирүү ПРОГРАММАСЫ
1. 2025-2026-жылга карата муниципалдык менчикти менчиктештирүү боюнча саясатынын максаттары жана милдеттери
1.1. 2025-2026-жылга карата Ош шаарында муниципалдык менчикти менчиктештирүү саясатынын негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- муниципалдык менчикти натыйжалуу башкаруу;
- Ош шаарынын жергиликтүү бюджетин толтуруу;
- социалдык-экономикалык абалды жогорулатып, инвестицияларды тартуу;
- жеке тараптардын, чакан жана орто бизнестин, экономикалык секторундагы ишканалардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу.
1.2. Муниципалдык менчикти менчиктештирүү жаатындагы саясат төмөнкү милдеттерди чечүүгө багытталат:
-муниципалдык мүлктү менчиктештирүүнүн жана баалоонун ченемдик-укуктук базасын өркүндөтүүгө; -муниципалдык мүлктү менчиктештирүү боюнча тооруктарды электрондук форматта жүргүзүү практикасын туруктуу ишке ашыруу;
2. Менчиктештирүүнүн усулдары жана шарттары
2.1. Менчиктештирүү усулдарына төмөнкүлөр кирет:
- аукциондо сатуу;
- конкурста сатуу;
- чарбалык коомдордун уставдык капиталына салым катары кошуу;
Өзгөчө учурларда, муниципалдык мүлк/объект мыйзамда белгиленген тартипте жогоруда көрсөтүлгөн усулдун бири менен үчтөн кем эмес жолу сатууга мүмкүн болбосо, жергиликтүү кеңештин чечими менен тике сатуу ыкмасы колдонулат. Менчиктештирүүнүн усулун тандоо менчиктештирүү объектине жараша Ош шаарынын мэриясынын алдында түзүлгөн комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат. Менчиктештирүүнүн усулун тандоо муниципалдык мүлктүн /объектинин финансы-экономикалык абалына жүргүзүлгөн талдоонун натыйжасында, анын жеке тармактык, аймактык жана башка өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле андан ары өнүктүрүү келечегин эсепке алуу менен жүзөгө ашырылат. Муниципалдык мүлктү/объекттерди менчиктештирүүнүн конкреттүү мөөнөттөрү муниципалдык мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан муниципалдык мүлктүн/объекттин өзгөчөлүктөрүнө жана социалдык-экономикалык абалдын конъюнктурасына жараша, комиссиянын кароосуна сунушталат.
2.2. Менчиктештирүү усулдарын колдонуу.
Муниципалдык мүлктү/объектини аукциондо сатуу, конкурста сатуу усулдарын колдонуунун шарттары жана тартиби Ош шаардык Кеңеши тарабынан бекитилүүчү жобо менен жөнгө салынат. Муниципалдык мүлктү Ош шаарынын мэриясы өзүнүн өкүлү муниципалдык менчик башкармалыгы (мындан ары – Башкармалык) аркылуу сатат, өкүлгө тапшырма берилет, анда муниципалдык мүлктүн/объектинин баасы, тооруктарды өткөрүү мөөнөттөрү, тараптардын өз ара милдеттенмелери, укуктары жана башка шарттар аныкталат. Сатып алуучудан муниципалдык мүлктүн/объектинин сатылган баасынан (бүтүмдүн суммасынан) тышкары 0,5% өлчөмүндө комиссиялык жыйым алынат.
2.3. Менчиктештирүү шарттары.
Менчиктештирүүнүн шарттары менчиктештирүү эрежелерине жараша белгиленет. Жеке же юридикалык тараптар менчиктештирилүүчү муниципалдык мүлккө/объектке карата программанын катышуучусу катары өтө алышат. Орто жана ири ишканалар үчүн конкурстук менчиктештирүүнүн негизги шарттарынын бири болуп ишканаларды өнүктүрүү боюнча бизнес-пландарды берүү эсептелет. Бардык катышуучуларга бирдей шарт түзүү үчүн аукцион (өткөрүү күнү, жайы ж.б. шарттары) жөнүндө маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат. Коммерциялык конкурс – тооруктун (аукцион менен бир катардагы) түрү. Конкурсттун жеңүүчүсү катары тооруктун уюштуруучусу тарабынан алдын ала дайындалган конкурстук комиссиянын корутундусу боюнча эң мыкты шарттарды сунуш кылган (аукциондо – эң жогорку бааны сунуштаган) жак таанылат. Коммерциялык конкурсту пайдаланууда менчиктештирүү объектине/муниципалдык мүлккө карата сатып алуучу өзүнө алууга тийиш болгон милдеттенмелердин тизмеги белгиленет. Белгиленген милдеттенмелерди өзүнө алуу менен эң жогорку бааны сунуш кылган жана төлөгөн жак коммерциялык конкурстун жеңүүчүсү жана менчиктештирүү объектин/муниципалдык мүлктү сатып алуучусу болот. Инвестициялык конкурсту пайдаланууда менчиктештирилүүчү объектиге/муниципалдык мүлккө карата сатып алуучу өзүнө алууга тийиш болгон милдеттенмелердин тизмеги белгиленет. Инвестициялык конкурстун катышуучулары төмөнкүлөрдү камтыган сунуштарды беришет:
- бизнес-планды;
- бизнес-планды ишке ашыруу үчүн өзүнө алуучу зарыл болгон инвестициялык милдеттенмелердин көлөмүн жана мүнөзүн;
- менчиктештирүү объекти/муниципалдык мүлк үчүн сунуш кылынуучу бааны.
Сунушу эң мыкты деп таанылган жак инвестициялык конкурстун жеңүүчүсү болот. Коммерциялык жана инвестициялык конкурстун шарттары менчиктештирүү объектине/муниципалдык мүлккө карата сатып алуучунун төмөнкүдөй милдеттенмелерин өзүнө камтыйт:
- менчиктештирүү объектинде иш менен камсыз кылуунун деңгээли боюнча милдеттенмелерин;
- эмгек акы боюнча милдеттенмелерин;
- социалдык чөйрөнүн объекттерин тескөө боюнча милдеттенмелерин;
- инвестициялардын көлөмү боюнча милдеттенмелерин;
- карыздарды төлөө боюнча милдеттенмелерин;
- уставдык капиталды көбөйтүү боюнча милдеттенмелерин;
- айлана-чөйрөнү коргоо боюнча милдеттенмелерин.
Сунуштарды баалоонун критерийлери төмөнкүлөр болот:
- сунушталган инвестициялардын суммасы, мында кыйла ири жана узак мөөнөттүү инвестициялык сунуштарга артыкчылык берилет;
- сатып алуучулар тарабынан сунушталган баа;
- иш менен камсыз кылуу деңгээли, социалдык чөйрөнүн объекттерин тескөө жаатындагы социалдык милдеттенмелер;
- сатуунун жаңы соодага чыгаруу жана/же болгондорун кеңейтүү;
- атаандаштыкка жөндөмдүү жана/же импортту алмаштыруучу жаңы продукцияны чыгарууну өздөштүрүү;
- жаңы менеджментти ишке киргизүү, кадрлардын квалификациясын жогорулатуу;
- профилди сактоо.
Ишканалардын түрүнө жараша критерийлердин артыкчылыгы белгиленет, алар өзгөртүлүшү же толукталышы мүмкүн. Менчиктештирүү объекттеринин/муниципалдык мүлктүн сатылышынан түшкөн каражат жергиликтүү бюджетке чегерилет.
2.4. Менчиктештирүү объекттеринин/муниципалдык мүлктүн наркын аныктоо.
Баалоо, Кыргыз Республикасынын “Баалоо иши жөнүндө” мыйзамынын талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин баалоо жаатындагы ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт. Муниципалдык ишкананын, чарбалык шериктердин (коомдун) уставдык капиталынын эсептик наркын же өлчөмүн, менчиктештирүүгө жаткан мүлктүн наркын аныктоо үчүн Ош шаарынын мэриясы тарабынан, Ош шаардык Кеңешинин депутаттары, көз карандысыз эксперттер, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызыкдар түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын өкүлдөрүнүн курамында түзүлгөн комиссия (мындан ары – Комиссия) мүлктүк комплекске баа берет жана укуктук ченемди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аткарылып жаткан иштердин тууралыгы жана негиздүүлүгү үчүн жоопкерчилик тартуучу аудитордук, консультациялык, баалоочу, эксперттик жана башка уюмдарды ишке тартууга укуктуу.
3. Менчиктештирүүгө тыюу салынган муниципалдык менчиктеги мүлктөр жана башка объектилер
3.1. Менчиктештирүүгө тыюу салынган Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөргө/объекттерге төмөнкүлөр кирет:
- билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт жана туризм объекттери;
- турак жай-коммуналдык, ремонттоо-курулуш жана транспорт чарбаларынын объекттери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин камсыз кылууга зарыл болгон жабдуулар менен материалдар;
- тийиштүү аймакты тейлеген (мамлекеттик, жеке менчик ишканаларга караштуу болбогон) транспорт, энергетика, суу менен жабдуу, канализация курулуштары менен коммуникацияларынын тармактары жана инфраструктура объекттери;
- соода, коомдук тамактануу жана турмуш-тиричилик ишканаларынын мүлк комплекстери, ошондой эле аларды пайдаланууга, күтүүгө жана тейлөөгө арналган курулуштар менен жабдуулар;
- калктуу конуштардагы көчөлөр, көпүрөлөр менен жолдор;
- коомдук сейил бактар жана сейил бактар үчүн бөлүнгөн жерлер, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынын башка объекттери;
- токойлор жана айыл чарба жерлери, көлдөр, суу булактары жана жергиликтүү маанидеги пайдалуу кендер чыккан жерлер, эгерде алар мамлекеттик табигый ресурстардын тизмесине киргизилбеген болсо;
- жергиликтүү маанидеги тарых жана маданият эстеликтери;
- тиешелүү аймактагы калктын турмуш тиричилигин камсыз кылуу маселелерин чечүү үчүн зарыл болгон башка объектилер.
- дене тарбия-ден соолукту чыңдоо, жалпы улуттук маанидеги спорттук жана спорттук-техникалык курулуштар;
- катуу өнөр жайлык жана тиричилик калдыктарын, катуу жана суюк радиоактивдүү калдыктарды көмүү үчүн объекттер жана жабдуулар; мал көмүлгөн жерлер;
- көрүстөндөр;
- суу сактагычтарды, магистралдык суу каналдарды, суу-насостук станцияларды тейлөөнү жана эксплуатациялоону камсыздоочу суу чарбалык жана мелиорациялык системалардын объекттери;
- автомобилдик жолдор;
- бардык типтеги жана аталыштагы мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы мамлекеттик балдар мекемелеринин, жалпы билим берүүчү мектептердин, башталгыч, орто кесиптик жана жогорку билим берүүчү окуу жайлардын мүлктөрү.
3.2. Ушул Программага киргизилбеген муниципалдык мүлкттөр/ объекттер Ош шаарынын мэриясынын сунушу боюнча Ош шаардык Кеңеши тарабынан бекитилүүчү программаларга ылайык менчиктештирилет.
Менчиктештирүү калктын кеңири катмары жана көп сандагы юридикалык жактар үчүн терс кесепеттерди алып келиши мүмкүн болгон маанилүү муниципалдык мүлкттөрдү/объекттерди менчиктештирүү процессинде муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын тиешелүү компетенттүү ыйгарым укуктуу кызматтарынан менчиктештирүүгө катышууга арыз берген субъекттер жөнүндө маалыматты сурайт. Кыргыз Республикасынын тиешелүү компетенттүү ыйгарым укуктуу кызматтары, органы потенциалдуу сатып алуучу жөнүндө корутундуну алдын ала берүүгө тийиш.
4. Сатып алуучулар тарабынан келишимдик шарттардын аткарылышын көзөмөлдөө
4.1. Менчиктештирүүдө маанилүү жагдай болуп жаңы менчик ээси тарабынан түзүлгөн келишимдердин (бүтүмдөрдүн) шарттарынын толук аткарышына байкоо жүргүзүү саналат. Бул максатта менчиктештирилүүчү муниципалдык мүлктөрдү/объекттерди сатуу-сатып алуу келишимдерин жазуунун жана түзүүнүн талаптары сакталып, көзөмөлгө алынууга тийиш. муниципалдык мүлктү/объектти сатуу-сатып алуу келишиминде сатып алуучунун бардык милдеттенмелери жана келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн чаралар/санкциялар жазылат.
Инвестиция салуу тартиби аларды мөөнөттөргө бөлүштүрүү менен көрсөтүлөт. Сатып алуучу сатуу-сатып алуу келишими боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткарбаган учурда сатуучу сатуу-сатып алуу келишимин бузууну, келтирилген зыяндын жана алынбай калган пайданын ордун толтурууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте талап кылууга укуктуу. Менчиктештирүүдө түзүлгөн сатуу-сатып алуу келишимдерине тараптардын макулдуктары менен өзгөртүүлөр киргизилет. Ал өзгөртүүлөрдө:
- сатып алуучунун алган милдеттенмелерин аткарбаганы үчүн жоопкерчилигин жеңилдетүү;
- сатуу-сатып алуу келишиминде аныкталган инвестициялардын жалпы көлөмүн азайтуу;
- мүлктүн сатылуучу баасын азайтуу каралбайт.
Сатуу-сатып алуу келишимдеринин шарттарынын аткарылышын текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча текшерүү актылары түзүлөт. Менчиктештирүү объектинин/муниципалдык мүлктүн сатып алуучусу сатуу-сатып алуу келишимин түзгөн муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органга сатуу-сатып алуу келишиминде жазылган көлөмдө жана мөөнөттөрдө маалымат берип турууга милдеттүү.
5. Менчиктештирилүүгө тийиш болгон муниципалдык мүлкттөрдүн/объекттердин тизмеси
5.1. Менчиктештирүүгө жаткан муниципалдык мүлктөрдүн/объекттердин тизмеси ушул Программанын тиркемесине ылайык аныкталат (тизме тиркелет).
6. Корутунду жоболор
6.1. Программанын иштешинин жагдайына байланыштуу, ага белгиленген тартипте өзгөртүүлөр жана толуктоолор зарылдыкка жараша киргизилиши мүмкүн.
6.2. Менчиктештирүү программасы аныкталган календардык мөөнөткө кабыл алынат жана аны кезектеги мөөнөткө бекиткенге чейин иштейт.
Менчиктештирүү программасынын иштөө мөөнөтү бүткөндө Ош шаарынын мэриясы, программанын аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө отчетту Ош шаардык Кеңешинин кароосуна киргизет.
6.3. Муниципалдык мүлктү/объектини менчиктештирүү боюнча бүтүмдөрдүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат муниципалдык мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси И.Э.Абдыраимов
Программага тиркеме
Менчиктештирүүгө жаткан муниципалдык мүлктөрдүн/объекттердин тизмеси
№
Жайгашкан дареги
Аталышы
Аянты (батир, жер тилке)
Сумма (сом)
1.
Алымбек Датка (Ленин) көчөсү №543/1
турак үй, жер тилке
72,02 чарчы метр
530,00 чарчы метр
4700000
2.
Т.Турсунбаева көчөсү №101/1
Барак тибиндеги батир
28,90 чарчы метр
289000
3.
Т.Турсунбаева көчөсү №101/2
барак тибиндеги батир
67,78 чарчы метр
778000
4.
Т.Турсунбаева көчөсү №101/8-2
барак тибиндеги батир
24,17 чарчы метр
242000
5.
Т.Турсунбаева көчөсү №101/2-4
барак тибиндеги батир
41,32 чарчы метр
413000
6.
Т.Турсунбаева көчөсү №101/8-3
барак тибиндеги батир
31,68 чарчы метр
316800
7.
Т.Турсунбаева көчөсү №101/8-4
барак тибиндеги батир
17,79 чарчы метр
675000
8.
Өзбекстан 60 жыл көчөсү №209
турак үй жери менен
66,59 чарчы метр,
600,0 чарчы метр
1992000
9.
Көк бел көчөсү №7
турак-үй жери менен
88,47 чарчы метр
373,0 чарчы метр
1798000
10.
Орозбеков көчөсү №152
турак үй, жер тилке
49,28 чарчы метр
600,0 чарчы метр
1672000
11.
Ж.Шамшиев (Ленинград) көчөсү №75-13
турак үй
56,47 чарчы метр
2025000
Ош шаардык Кеңешинин
аппарат жетекчиси И.Э.Абдыраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Баалоо иши жөнүндөЗакон · 22.12.2021 · № 155