Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык Кеңешинин Ош шаарынын борбордук жана ички жолдорунун кеңейүүсү үчүн каралган кызыл сызыктарда, Ак-Буура дарыясынын, каналдардын суу корук жана Сулайман-Тоонун корук аймактарында жашап келген тургундарды турак-жай менен камсыздоо боюнча Программаны бекитүү жөнүндө токтому
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XIII СЕССИЯСЫ (VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 10-сентябры № 72 Ош шаарынын борбордук жана ички жолдорунун кеңейүүсү үчүн каралган кызыл сызыктарда, Ак-Буура дарыясынын, каналдардын суу корук жана Сулайман-Тоонун корук аймактарында жашап келген тургундарды турак-жай менен камсыздоо боюнча Программаны бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын башкы планына ылайык, борбордук жана ички жолдордун кеңейүүсү үчүн каралган кызыл сызыктарда, Ак-Буура дарыясынын, каналдардын суу корук жана Сулайман-Тоонун корук аймактарында жашап келген тургундарды турак-жай менен камсыздоо боюнча Программаны бекитүү жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын сунушун карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 5-сентябрындагы №48 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаарынын борбордук жана ички жолдорунун кеңейүүсү үчүн каралган кызыл сызыктарда, Ак-Буура дарыясынын, каналдардын суу корук жана Сулайман-Тоонун корук аймактарында жашап келген тургундарды турак-жай менен камсыздоо боюнча Программа тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Төрага:
Б.Т. Баетов
Ош шаардык Кеңешинин2025-жылдын 10-сентябрындагы XIII сессиясынын № 72 токтомуна тиркеме
Ош шаарынын борбордук жана ички жолдорунун кеңейүүсү үчүн каралган кызыл сызыктарда, Ак-Буура дарыясынын, каналдардын суу корук жана Сулайман-Тоонун корук аймактарында жашап келген тургундарды турак-жай менен камсыздоо боюнча ПРОГРАММА
1. Киришүү.
2. Программанын максаты жана милдеттери.
3. Ош шаарынын башкы планына ылайык, борбордук жана ички жолдордун кеңейүүсү үчүн каралган кызыл сызыктарда, Ак-Буура дарыясынын, каналдардын суу корук жана Сулайман-Тоонун корук аймактарында жашап келген тургундарды акысыз турак-жай менен камсыз кылууну тактоо.
4. Программаны иш жүзүнө ашыруунун механизмдери.
5. Программанын ишке ашуусунун натыйжасында күтүлүүчү натыйжалар.
1. Киришүү
Ош шаарынын башкы планына ылайык, борбордук жана ички жолдордун кеңейүүсү үчүнкаралган кызыл сызыктарда, Ак-Буура дарыясынын, каналдардын суу корук жана Сулайман-Тоонун корук аймактарында жашап келген тургундарды турак-жай менен камсыздоо боюнча, тактап айтканда жарандык коргонуунун корутундусуна ылайык, тиркемедеги өзгөчө кырдаалдардан жабыр тарткан жарандарды коопсуз, жалпы билим берүү объекттерди жана саламаттык сактоо объекттерди, дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекстерди камтыган Ош шаарынын административдик аймагындагы “Эне-Сай” жаңы конушундагы турак-жайларына (шаарчага) көчүрүү боюнча программа (мындан ары – Программа) Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” жобонун талаптарын аткаруу максатында даярдалды. Ош шаарынын Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиевдин 2025-жылдын 25-февралындагы №14-2697 тапшырмасынын негизинде жана Ош шаарынын мэринин көчмө жыйынында берилген тапшырмаларга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары кызматынын Кара-Суу райондук суу чарба башкармасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 01-9/179 кайрылуусуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 271 токтомуна ылайык, Ош шаарынын аймагынан агып өтүүчү суу каналдарынын абалы текшерилип, бүгүнкү күндө көпчүлүк суу корук зоналарында жайгашып калгандыгы такталган. Айрым участоктордо мыйзамсыз курулуштардын курулганы аныкталып, анын кесепетинен суунун табигый нугу одоно бузулганы белгилүү болгон. Көрсөтүлгөн мыйзам бузуулар шаар тургундарынын өмүрүнө жана түздөн-түз коопсуздугуна олуттуу коркунуч келтирип жаткандыгы аныкталган. Аталган комиссия көчмө жыйынынын жыйынтыгында, каналдардын суу корук аймагында жайгашкан курулмаларды терең иликтөө иштерин жүргүзүү сунушун берип, жыйынтыгында болжол менен 1500дөн ашуун жарандардын мыйзамсыз курулуштары аныкталып, ошондой эле Ош шаарынын башкы планына ылайык, борбордук жана ички жолдордун кеңейүүсү үчүн каралган кызыл сызыктарда, Сулайман-Тоонун корук аймактарында жашап келген болжолдуу 400дөн ашуун үй бүлө аныкталып, жалпы 1900дөн ашуун жарандарды короо-жай тилкеси жана турак-жай менен камсыздоо зарылчылыгы жаралган. Жогорудагы жагдайларга байланыштуу, короо-жай тилкеси жана турак-жай менен камсыздоого муктаж жарандардын тизмеси Программага тиркелет.
2. Программанын максаты жана милдеттери
Ош шаарынын аймагынан агып өтүүчү каналдарынын суу корук аймактарынын сакталышын камсыз кылуу, мыйзамсыз курулуштарды суунун табигый нугуна тоскоолдук жаратуусун жоюу жана көрсөтүлгөн мыйзам бузуулардын шаар тургундарынын жашоосуна жана коопсуздугуна олуттуу коркунуч келтирүүсүн четтетүү, ошондой эле Ош шаарынын башкы планына ылайык, борбордук жана ички жолдордун кеңейүүсү үчүн каралган кызыл сызыктарда, Сулайман-Тоонун корук аймактарында жашап келген тургундарды аталган аймактан көчүрүү максатын иш жүзүнө ашыруу үчүн төмөндөгү милдеттерди аткаруу зарыл:
- Ош шаарынын аймагынан агып өтүүчү каналдардын суу корук аймагында жайгашкан курулмаларды терең иликтөө иштерин жүргүзүү менен мыйзамсыз курулуштарды суунун табигый нугуна тоскоолдук жаратып, шаар тургундарынын өмүрүнө жана түздөн-түз коопсуздугуна олуттуу коркунуч келтирген курулуш, турак-жай куруп жашап келе жаткан, аларды коопсуз аймакка көчүрүүгө муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн тизмесин тактоо;
- Ош шаарынын башкы планына ылайык, борбордук жана ички жолдордун кеңейүүсү үчүн каралган кызыл сызыктарда, Сулайман-Тоонун корук аймактарында жашап келген, аларды башка аймакка көчүрүүгө муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн тизмесин тактоо;
- Коопсуз аймакка көчүрүүгө муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн жашоо шартына карап категорияларга бөлүштүрүү;
- Ош шаарынын административдик аймагынан жалпы билим берүү жана саламаттык сактоо объекттерди, дене тарбия, ден соолукту чыңдоо комплекстерди камтыган шаарча курууга жер участогун аныктоо;
- Турак-жай куруу үчүн ажыратылган жер участогунун шаар куруу документтеринин негизинде калктуу конуштардын аймактарын түзүүгө жана коммуникациялык иштерге ылайыктыгы боюнча тийиштүү мекеме-ишкана, органдар менен макулдашуу.
3. Ош шаарынын башкы планына ылайык, борбордук жана ички жолдордун кеңейүүсү үчүн каралган кызыл сызыктарда, Ак-Буура дарыясынын, каналдардын суу корук жана Сулайман-Тоонун корук аймактарында жашап келген тургундарды акысыз турак-жай менен камсыз кылууну тактоо
Ош шаарынын башкы планына ылайык, борбордук жана ички жолдордун кеңейүүсү үчүн каралган кызыл сызыктарда, Ак-Буура дарыясынын, каналдардын суу корук жана Сулайман-Тоонун корук аймактарында жашап келген тургундарды турак-жай менен акысыз камсыздоо боюнча, тактап айтканда жарандык коргонуунун корутундусуна ылайык, тиркемедеги өзгөчө кырдаалдардан жабыр тарткан жарандарды коопсуз, жалпы билим берүү объекттерди жана саламаттык сактоо объекттерди, дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекстерди камтыган Ош шаарынын административдик аймагындагы шаарча курууга мерчемделген жер тилке Ош шаарынын мэриясынын Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Коммунизм айылындагы № 931, 932, 933, 936-контурларында жайгашкан “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы жалпы аянты 53,40 га түзөт. Аталган шаарчаны куруу Ош шаарынын мэриясы менен “Кунлунь”Курулуш компаниясы” жообу чектелген коомунун ортосунда түзүлгөн меморандумга ылайык, Кытай Эл Республикасы тарабынан тартылган чет элдик инвестор тарабынан турак-жай конушу (шаарчасы) курулат. “Эне-Сай” турак-жай конушу (шаарчасы) курулуучу, трансформациялоого суралган 53,40 га жер тилкеси боюнча “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Ош филиалы тарабынан 2025-жылдын 29-майындагы № 01-8-1053 корутундусу даярдалып, ишкананын архивдик 1987-жылы аткарылган Техникум совхозунун (азыркы Кызыл-Кыштак ААБ) жерлерин контурлар боюнча эсептеп тактоо (архив № 4943) материалында суралып жаткан Ош шаарынын мэриясынын Кызыл-Кыштак айыл аймактык башкармалыгына караштуу Коммунизм айылына караштуу № 931, 932, 933, 936-контурларында жайгашкан 53,40 га жер аянты боюнча төмөндөгүдөй маалымат берилген: № 931 контур сугат айдоо жалпы аянты 15,28 га. Анын ичинен суралган жер 14,90 га; № 932 контур сугат айдоо жалпы аянты 17,49 га; № 933 контур сугат айдоо жалпы аянты 30,65 га. Анын ичинен суралган жер 20,11 га. № 936 контур ыңгайсыз жер жалпы аянты 0,90 га Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 31-июлундагы “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” № 257 сандуу мыйзамынын 1-беренесинин 3,10 жана 122 - пункттарына ылайык, Ош шаарынын башкы планынын негизинде, борбордук жана ички жолдордун кеңейүүсү үчүн каралган кызыл сызыктарда, Ак-Буура дарыясынын, каналдардын суу корук жана Сулайман-Тоонун корук аймактарында жашап келген тургундарды турак-жай менен камсыздоо боюнча тактап айтканда жарандык коргонуунун корутундусуна ылайык, тиркемедеги өзгөчө кырдаалдардан жабыр тарткан жарандарды коопсуз, жалпы билим берүү объекттерди жана саламаттык сактоо объекттерди, дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекстерди камтыган Ош шаарынын административдик аймагындагы шаар курууга мерчемделген сугат айдоо жер тилкесин которууга (трансформациялоого) мораторий жайылтылбайт. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 16-беренсине ылайык, айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын орду жерлерди ыйгарым укуктуу орган тарабынан акысыз негизде берилүүчү короо-жай тилкеси үчүн пайдаланууга которууда толтурулбайт.
4. Программаны иш жүзүнө ашыруунун механизмдери
Программаны иш жүзүнө ашыруу, Кыргыз Республикасынын күч аракеттеги мыйзамдарынын талаптарына ылайык төмөндөгү этаптардан турат: -Ош шаарынын башкы планына ылайык, борбордук жана ички жолдордун кеңейүүсү үчүн каралган кызыл сызыктарда, Ак-Буура дарыясынын, каналдардын суу корук жана Сулайман-Тоонун корук аймактарында жашап келген тургундарды турак-жай менен камсыздоо үчүн инвесторлор тарабынан “Эне-Сай” турак-жай конушу (шаарчасы) курула турган жер Жер кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 токтомуна) Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобонун талаптарына ылайык, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо);
- Инвесторлор тарабынан курулуучу “Эне-Сай” турак-жай конушунун (шаарчасынын) жумушчу долбоорун Ош шаарынын башкы планына, деталдуу пландаштыруу долбооруна жана жерди пайдалануу жана өнүктүрүү эрежелерине ылайык иштеп чыгуу;
- Иштелген жумушчу долбоорго ылайык, жалпы билим берүү объекттерди жана саламаттык сактоо объекттерди, дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекстерди камтыган “Эне-Сай” турак-жай конушун (шаарчасын) куруу, тийиштүү тартипте эксплуатацияга киргизүү жана курулуштарды юридикалык жактан тариздештирүү;
- “Эне-Сай” турак-жай конушуна (шаарчасына) көчүрүүгө, камсыздоого муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн тизмесин тактоо жана жайгаштыруу боюнча чечимдерди кабыл алуу.
5. Программанын ишке ашуусунун натыйжасында
күтүлүүчү натыйжалар
Программада белгиленген максаттар жана милдеттер, ишке ашуусунун жыйынтыгында, Ош шаарынын аймагынан агып өтүүчү каналдарынын суу корук абалы жакшырып, суу корук зоналары мыйзамга ылайык сакталуу менен, айрым участоктордогу мыйзамсыз курулуштар иретке келтирилип, суунун табигый нугуна тоскоолдук жараткан жагдайлар жоюулуп, шаар тургундарынын жашоосуна жана коопсуздугуна олуттуу коркунуч келтирүү ыктымалдыгына бөгөт коюлат. Ошондой эле, каналдардын суу корук аймагында жайгашкан болжол менен 1500дөн ашуун жарандар жана Ош шаарынын башкы планына ылайык, борбордук жана ички жолдордун кеңейүүсү үчүн каралган кызыл сызыктарда, Сулайман-Тоонун корук аймактарында жашап келген болжолдуу 400дөн ашуун үй бүлө, жалпы 1900дөн ашуун жарандар короо-жай тилкеси жана турак-жай менен камсыздалуусу, жарандарыбыздын мамлекеттик органдарга болгон ишенимин арттыруусун бекемдөө менен, мамлекетибизде жүргүзүлүп жаткан саясатка жана коомдук саясий кырдаалга оң таасири тийүүсүн айгинелейт. Мындан тышкары, Ош шаарынын башкы планына ылайык, борбордук жана ички жолдордун кеңейүүсү үчүн каралган кызыл сызыктарда, Ак-Буура дарыясынын, каналдардын суу корук жана Сулайман-Тоонун корук аймактарында жайгашкан иретсиз жана айрым учурларда мыйзамсыз курулуштардан арылып, шаарыбыздын ар тараптуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзүлөт.
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси
И.Э.Абдыраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 04.11.2024 · № 665
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- КР Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 271 "Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 07.07.1995 · № 271
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон