# Гүлчө айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-августундагы №10/2 Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Курманжан датка айылынын К.Белекбаев атындагы көчөсүнүн №53-дарегинде жайгашкан 5-01-04-1010-0426-идентификациялык сыр белгидеги аянты 26910, 50 чарчы метр жана Курманжан датка - 5 көчөсүндөгү №49/2 дарегиндеги 5-01-04-1010-0428 идентификациялык сыр белгидеги аянты 7 500, 50 чарчы метр айыл чарба багытындагы жер тилкелерин Гүлчө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Гүлчө айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-августундагы №10/2 Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Курманжан датка айылынын К.Белекбаев атындагы көчөсүнүн №53-дарегинде жайгашкан 5-01-04-1010-0426-идентификациялык сыр белгидеги аянты 26910, 50 чарчы метр жана Курманжан датка - 5 көчөсүндөгү №49/2 дарегиндеги 5-01-04-1010-0428 идентификациялык сыр белгидеги аянты 7 500, 50 чарчы метр айыл чарба багытындагы жер тилкелерин Гүлчө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 10/2
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230036607>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-48163/edition/42886/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Гүлчө айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-августундагы №10/2 Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Курманжан датка айылынын К.Белекбаев атындагы көчөсүнүн №53-дарегинде жайгашкан 5-01-04-1010-0426-идентификациялык сыр белгидеги аянты 26910, 50 чарчы метр жана Курманжан датка - 5 көчөсүндөгү №49/2 дарегиндеги 5-01-04-1010-0428 идентификациялык сыр белгидеги аянты 7 500, 50 чарчы метр айыл чарба багытындагы жер тилкелерин Гүлчө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу жөнүндө токтому (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230036607

---

Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезексиз 10- отуруму ТОКТОМ

08.08. 2025-жыл № 10/2

Гүлчө айылы

Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Курманжан датка айылынын К.Белекбаев атындагы көчөсүнүн №53-дарегинде жайгашкан 5-01-04-1010-0426-идентификациялык сыр белгидеги аянты 26910, 50 чарчы метр жана Курманжан датка - 5 көчөсүндөгү №49/2 дарегиндеги 5-01-04-1010-0428 идентификациялык сыр белгидеги аянты 7 500, 50 чарчы метр айыл чарба багытындагы жер тилкелерин Гүлчө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу жөнүндө

Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезексиз 10-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин Курманжан датка айылынын К.Белекбаев атындагы көчөнүн №53-дарегинде жайгашкан 5-01-04-1010-0426 идентификациялык сыр белгидеги аянты 26910,50 чарчы метр жана ушул эле Курманжан датка-5 көчөсүндөгү №49/2 даректеги 5-01-04-1010-0428-идентификациялык сыр белгидеги аянты 7500,50 чарчы метр айыл чарба багытындагы жер тилкелери Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 518-беренесинин 1,3-пунктунун, тартуулоо келишиминин негизинде муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12-беренесинин 2005-жылдын 19-августундагы №152 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренесинин 3-бөлүмүнө жана 20.10.2021. №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 5-17-пунктуна ылайык, токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Алай филиалынын кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын Бирдиктүү мамлекеттик реестринде, ушул 2025-жылдын «13»-февралында №501-2025-1082 жана 2025-жылдын 04-апрелинде №501-2025-2595 сандуу болуп каттоодон өткөн Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Курманжан датка айылынын К.Белекбаев атындагы көчөсүнүн №53-даректеги , 5-01-04-1010-0426-идентификациялык сыр белгидеги аянты 26910,50 чарчы метр жана ушул эле Курманжан датка - 5 көчөсүндөгү №49/2 даректеги 5-01-04-1010-0428-идентификациялык сыр белгидеги аянты 7500,50 чарчы метр болгон айыл чарба багытындагы жер тилкелери тартуулоо келишиминин негизинде Гүлчө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын.

2. Тиешелүү юридикалык иш-кагаздарын мыйзам чегинде тактап, иш-алып баруу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Р.Какаровго милдеттендирилсин.

3.Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчик боюнча маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Тѳрага

А.Б.Самиев
