# Гүлчө айылдык кеңешинин 2025-жылдын 01-июлу № 9/12 Т.Отунчиев атындагы орто мектебинин жылуулук системасы 1969-жылдан бери эскилиги жетип, талапка жооп бербей калгандыгына байланыштуу, жылуулук системасын кайрадан жаңылоо боюнча теңдештирүүчү грантка сунуштоо жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Гүлчө айылдык кеңешинин 2025-жылдын 01-июлу № 9/12 Т.Отунчиев атындагы орто мектебинин жылуулук системасы 1969-жылдан бери эскилиги жетип, талапка жооп бербей калгандыгына байланыштуу, жылуулук системасын кайрадан жаңылоо боюнча теңдештирүүчү грантка сунуштоо жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 9/12
- Кабыл алынган күнү: 01.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230036453>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-48021/edition/42739/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Гүлчө айылдык кеңешинин 2025-жылдын 01-июлу № 9/12 Т.Отунчиев атындагы орто мектебинин жылуулук системасы 1969-жылдан бери эскилиги жетип, талапка жооп бербей калгандыгына байланыштуу, жылуулук системасын кайрадан жаңылоо боюнча теңдештирүүчү грантка сунуштоо жөнүндө токтому (01.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230036453

---

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 9-отуруму

2025-жылдын 01-июлу № 9/12

Т.Отунчиев атындагы орто мектебинин жылуулук системасы 1969-жылдан бери эскилиги жетип, талапка жооп бербей калгандыгына байланыштуу, жылуулук системасын кайрадан жаңылоо боюнча теңдештирүүчү грантка сунуштоо жөнүндө

Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 9-отуруму, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын Т.Отунчиев атындагы орто мектебинин жылытуу системасы 1969-жылдан бери эскилиги жеткенине байланыштуу, аны жаңылоо боюнча маалыматты угуп, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы №247 токтомуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-жылдагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-5-пунктунун негизинде ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Т.Отунчиев атындагы орто мектебинин жылытуу системасын 1969-жылдан бери эскилиги жеткенине байланыштуу алмаштыруу үчүн теңдештирүүчү грантка сунуштоого макулдук берилсин.

2. Кабыл алынган токтомдогу долбоорду даярдоодогу өздүк салым үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражаты карап берилсин.

3. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде максаттуу аткарылышын камсыз кылуу жагы өкмөт башчысы Н.Тажибаевге жана финансы бөлүмүнүн башчысы Каныбек кызы Эркинайга милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага:

А.Б. Самиев
