Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Жасалма интеллект тутумдарынын кооптуулугун баалоо методикасына талаптарды, ошондой эле жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарына карата талаптарды бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2025-жылдын 2-декабры № 770 Жасалма интеллект тутумдарынын кооптуулугун баалоо методикасына талаптарды, ошондой эле жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарына карата талаптарды бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 193, 194-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Жасалма интеллект тутумдарынын кооптуулугун баалоо методикасына талаптар 1-тиркемеге ылайык;
2) Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарына карата тобокелдиктерди башкарууга талаптар 2-тиркемеге ылайык;
3) Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын ачыктыгын, түшүнүктүүлүгүн, контролдонушун, тактыгын, ишенимдүүлүгүн жана санариптик туруктуулугун камсыз кылуучу мындай тутумдардын мүнөздөмөлөрүнө талаптар 3-тиркемеге ылайык;
4) Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдары үчүн санарип дайындарынын сапатына талаптар 4-тиркемеге ылайык;
5) Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын техникалык документтерине талаптар 5-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасында колдонулуучу жасалма интеллект тутумдарынын ээлери уюштуруучулук-укуктук тариздерине, ведомстволук (тармактык) таандыктыгына жана менчиктин түрүнө карабастан:
1) бул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн;
2) бул токтом менен бекитилген ушул талаптарга ылайык, өз алдынча иштелип чыккан жана бекитилген методика боюнча жасалма интеллект тутумдарынын кооптуулугун баалоо жүргүзүүнү алардын иштөө түрмөгүнүн тиешелүү стадияларында камсыз кылсын;
3) жасалма интеллект тутумдарынын кооптуулугун баалоонун натыйжалары боюнча жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарына киргизилген учурда:
– алардын ушул токтом менен бекитилген милдеттүү талаптарга ылайык келишин камсыз кылсын;
– тобокелдиктерди башкаруу системасын киргизсин жана бардык иштөө түрмөгүнүн ичинде колдосун;
– мындай тутумдар үчүн техникалык документтерди иштеп чыксын жана өздөрүнүн веб-сайттарына жайгаштырсын жана Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде жана ушул токтомдо белгиленген тартипте талап кылынган башка документтердин жалпыга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Санарип кодекси күчүнө кирген күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 5-декабрындагы № 96 (3753) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Жасалма интеллект тутумдарынын кооптуулугун баалоо методикасына (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-декабрындагы № 770 токтому менен бекитилди) талаптарТребования · 02.12.2025 · № 770
- Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарына карата тобокелдиктерди башкарууга (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-декабрындагы № 770 токтому…Требования · 02.12.2025 · № 770
- Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын ачыктыгын, түшүнүктүүлүгүн, контролдонушун, тактыгын, ишенимдүүлүгүн жана санариптик туруктуулугун камсыз кылуучу мындай…Требования · 02.12.2025 · № 770
- Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдары үчүн санарип дайындарынын сапатына (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-декабрындагы № 770 токтому…Требования · 02.12.2025 · № 770
- Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын техникалык документтерине (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-декабрындагы № 770 токтому менен…Требования · 02.12.2025 · № 770
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз РеспубликасынынКодекс · 31.07.2025 · № 178
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122