# Достук айылдык Кенешинин 2025-жылдын 25-мартындагы №8 остук айыл өкмөтүнүн башчысы М.Н.Кадировдун, 2024-жылдын декабрь айында айыл аймагындагы бардык категориядагы чарбаларда малдын жана үй канаттууларынын санын, статистикалык эсебин так аныктоого катышкан жарандарга акча каражатын бөлүп берүү үчүн жазган билдирүусүн карап чыгуу жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Достук айылдык Кенешинин 2025-жылдын 25-мартындагы №8 остук айыл өкмөтүнүн башчысы М.Н.Кадировдун, 2024-жылдын декабрь айында айыл аймагындагы бардык категориядагы чарбаларда малдын жана үй канаттууларынын санын, статистикалык эсебин так аныктоого катышкан жарандарга акча каражатын бөлүп берүү үчүн жазган билдирүусүн карап чыгуу жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230036439>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-48010/edition/42728/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Достук айылдык Кенешинин 2025-жылдын 25-мартындагы №8 остук айыл өкмөтүнүн башчысы М.Н.Кадировдун, 2024-жылдын декабрь айында айыл аймагындагы бардык категориядагы чарбаларда малдын жана үй канаттууларынын санын, статистикалык эсебин так аныктоого катышкан жарандарга акча каражатын бөлүп берүү үчүн жазган билдирүусүн карап чыгуу жөнүндө токтому (25.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230036439

---

Достук айылдык Кенешинин 2-чакырылышынын кезектеги 5- сессиясы ТОКТОМ

25.03.2025 № 8

Пахта-Дөбө айылы

Достук айыл өкмөтүнүн башчысы М.Н.Кадировдун, 2024-жылдын декабрь айында айыл аймагындагы бардык категориядагы чарбаларда малдын жана үй канаттууларынын санын, статистикалык эсебин так аныктоого катышкан жарандарга акча каражатын бөлүп берүү үчүн жазган билдирүусүн карап чыгуу жөнүндө

Достук айыл өкмөтүнүн башчысы М.Н.Кадировдун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы №572 токтому менен бекитилген статистика иштердин Программасын ишке ашыруу жана бардык категориядагы чарбаларда малдын жана үй канаттууларынын санын, статистикалык эсебин так аныктоо максатында, айыл аймагындагы 2024-жылдын декабрь айында, бардык категориядагы чарбаларда малдын жана үй канаттууларынын санын, статистикалык эсебин так аныктоого катышкан 27 жарандарга акча каражатын бөлүп берүү үчүн жазган билдирүусүн карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Достук айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы токтом кылат:

1.Достук айыл өкмөтүнүн башчысы М.Н.Кадировдун, 2024-жылдын декабрь айында айыл аймагындагы бардык категориядагы чарбаларда малдын жана үй канаттууларынын санын, статистикалык эсебин так аныктоого катышкан 27 жарандарга айыл өкмөтүнүн бюджетинен 54 миң сом акча каражаты бөлүп берилсин.

2.Токтомдун финансы жагын чечүү айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Бнүн башчысы М.Умаровго жүктөлсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин финансы, бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Тѳрага

Р.Худайбердиев
