Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «2026–2030-жылдарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө административдик тоскоолдуктарды азайтуу, алардын сапатын, натыйжалуулугун жана керектөөчүлөр үчүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча программаны бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2025-жылдын 13-декабры № 807 2026–2030-жылдарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө административдик тоскоолдуктарды азайтуу, алардын сапатын, натыйжалуулугун жана керектөөчүлөр үчүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча программаны бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чараларды көрүү максатында, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2026–2030-жылдарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө административдик тоскоолдуктарды азайтуу, алардын сапатын, натыйжалуулугун жана керектөөчүлөр үчүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча программа (мындан ары – Программа) 1-тиркемеге ылайык;
2) Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык;
3) Программаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасы 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
1) Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттө милдеттүү аткаруу боюнча толук чараларды көрсүн;
2) Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча ведомстволук пландарды эки айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана бекитсин;
3) жыл сайын, жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берип турсун;
4) Программаны жана Иш-чаралар планын ишке ашырууну тиешелүү жылга бекитилген бюджеттердин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын алкагында жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 30унан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган отчетту берип турсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 16-декабрындагы № 99 (3756) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- 2026-2030-жылдарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө административдик тоскоолдуктарды азайтуу, алардын сапатын, натыйжалуулугун жана керектөөчүлөр үчүн…Программа · 13.12.2025 · № 807
- 2026–2030-жылдарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө административдик тоскоолдуктарды азайтуу, алардын сапатын, натыйжалуулугун жана керектөөчүлөр үчүн…План · 13.12.2025 · № 807
- 2026–2030-жылдарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө административдик тоскоолдуктарды азайтуу, алардын сапатын, натыйжалуулугун жана керектөөчүлөр үчүн…Матрица · 13.12.2025 · № 807
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндөЗакон · 17.07.2014 · № 139