# Куршаб айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-сентябры № 24 Райондук өнүктүрүү фондунун акча каражатттын Куршаб айыл өкмөтүнүн иш планына киргизилген долбоорлорун каржылоого уруксат берүү жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Куршаб айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-сентябры № 24 Райондук өнүктүрүү фондунун акча каражатттын Куршаб айыл өкмөтүнүн иш планына киргизилген долбоорлорун каржылоого уруксат берүү жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 24
- Кабыл алынган күнү: 05.09.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230036371>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-47955/edition/42666/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Куршаб айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-сентябры № 24 Райондук өнүктүрүү фондунун акча каражатттын Куршаб айыл өкмөтүнүн иш планына киргизилген долбоорлорун каржылоого уруксат берүү жөнүндө токтому (05.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230036371

---

КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Куршаб айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) VI отуруму

2025-жылдын 5-сентябры № 24

Райондук өнүктүрүү фондунун акча каражатттын Куршаб айыл өкмөтүнүн иш планына киргизилген долбоорлорун каржылоого уруксат берүү жөнүндө

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы №821 токтомунун 13-пунктунда пилоттук райондордун жергиликтүү бюджеттеринде каралган киреше салыгынын 30% ды райондук өнүктүрүү фондорунун эсебине чегерүү жана ушул каражаттарды жергиликтүү коомдоштуктун демилгелерин колдоо үчүн мамлекеттик дотация катары пайдаланууга уруксат берилген 9621,9 сом акча каражаттын Куршаб айыл өкмөтүнүн иш планына киргизилген долбоорлорун каржылоого макулдук берүү маселесин Куршаб айылдык кеңешинин финансы, бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы, алдын ала карап, Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) VI кезектеги сессиясынын күн тартибиндеги маселени угуп, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Куршаб айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бекитилген 32073,3 миң

сом киреше салыгынын 30% дык өлчөмүндөгү 9621,9 сом акча каражаты төмөндөгү долбоорлорду каржылоого макулдук берилсин: -С.Алапаков көчөсүнө асфальт басууга – 7242,6 сом -С.Жээнчороев көчөсүнө мамычаларын, зым А-35 чубалгыларын сатып алуу жана жарыктандыруу долбооруна – 1775,5 сом -Манас көчөсүнө 140 метр латок орнотуу – 450,5 сом -Ленин №5 орто мектебинин ажаатканасынын курулушуна өздүк салым 357196сом -Т. Абылкасымов атындагы маданият үйүнө отургучтарды сатып алууга 89347 сом -А.Камчыбеков көчөсүнө тротуар, вело жол асфальт жасоо долбооруна өздүк салым 427536 сом

2. Токтомду аткарууга алуу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык кеңешинин финансы, бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Атчабаров Н.
