# Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 12-декабрындагы № 70 "Нарзан айыл аймагында ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды агызуу системаларын пайдалануу Эрежелерин" бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 12-декабрындагы № 70 "Нарзан айыл аймагында ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды агызуу системаларын пайдалануу Эрежелерин" бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230036364>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-47951/edition/42662/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230036364.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 12-декабрындагы № 70 "Нарзан айыл аймагында ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды агызуу системаларын пайдалануу Эрежелерин" бекитүү жөнүндө" токтому (12.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230036364

---

НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2025-жылдын 12-декабры № 70 "Нарзан айыл аймагында ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды агызуу системаларын пайдалануу Эрежелерин” бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 4 жана 5-пункттарына ылайык жана Нарзан айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик ишмердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиясынын корутундусунун негизинде, тартып “Нарзан айыл аймагында ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды агызуу системаларын пайдалануу Эрежелери” угулуп, талкууланып, Нарзан айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1.2026-жылдын 1-январынан тартып “Нарзан айыл аймагында ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды агызуу системаларын пайдалануу Эрежелери” бекитилсин.

2.Айылдык кеңештин жооптуу катчысына ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине каттоо үчүн жөнөтүп, Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү тапшырылсын.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э.Оскомбаевге жүктөлсүн.

Төраганын у.м.а.

А.Т.Урманбетов
