# Алтын-Бешик айылдык кенешинин 2025-жылдын 22-декабрындагы №68 "Алтын-Бешик айыл аймагына караштуу Таян орто мектебине ысым ыйгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Алтын-Бешик айылдык кенешинин 2025-жылдын 22-декабрындагы №68 "Алтын-Бешик айыл аймагына караштуу Таян орто мектебине ысым ыйгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230036333>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-47921/edition/42631/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Алтын-Бешик айылдык кенешинин 2025-жылдын 22-декабрындагы №68 "Алтын-Бешик айыл аймагына караштуу Таян орто мектебине ысым ыйгаруу жөнүндө" токтому (22.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230036333

---

АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Алтын-Бешик айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы

2025-жылы 22-декабры № 68 Алтын-Бешик айыл аймагына караштуу Таян орто мектебине ысым ыйгаруу жөнүндө. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы №244 токтому, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы №159 токтомун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы №149 токтомун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамынын 19-беренесине “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндөгү мыйзамынын 39 беренесине Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 18-декабрындагы №01-25/2149 сандуу чыгыш катын аткарууга алып, Таян орто мектебинин педогогикалык кеңешмесинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы протоколун, Таян айылынын жергиликтүү тургундарынын 2025-жылдын 21-декабрындагы элдик чогулушунун протоколунун негизинде Алтын-Бешик айылдык кеңешинин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусуна ылайык Алтын-Бешик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХVI сессиясы токтом кылат:

1 Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн отличниги, Физика жана математика илимдеринин кандидаты, райондук жана областык кеңешинин мурдагы депутаты, Баткен районунун Алтын-Бешик айыл аймагына караштуу Таян орто мектебиние маркум Амиракул Алтымышовдун ысымын ыйгарууга макулдук берилсин. 2 Ушул токтомдун аткарылышы Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эргешовго милдетендирилсин. 3 Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомду ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн. 4 Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет. 5 Токтом Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.

Төрайым:

А. Матраимова
