# Ак-Суу айылдык кенешинин 2025-жылдын 31-июлундагы №43 “ Айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жөнүндө ” токтому

- Толук аталышы: Ак-Суу айылдык кенешинин 2025-жылдын 31-июлундагы №43 “ Айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жөнүндө ” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 43
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230036313>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-47901/edition/42611/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Суу айылдык кенешинин 2025-жылдын 31-июлундагы №43 “ Айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жөнүндө ” токтому (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230036313

---

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V-сессиясы

2025-жылдын 31-июлу № 43 “ Айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жөнүндө ”

Ак-Суу айыл өкмөтүнүн статисти Д.Бекмуратовдун 2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 122 Токтому жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн статисти Д.Бекмуратовдун 2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 122 Токтому жөнүндөгү билдирүүсү көңүлгө алынсын.

2. Ак-Суу айыл аймагында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүүгө, айыл өкмөтүнүн бюджетиненен 110 000(жүз он миң) сом акча каражатын берүүгө макулдук берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл КЭБ башчысы А.Курбаналиевге жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.

Төрага

А. Саматов
