Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ак-Суу айылдык кенешинин “ Айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жөнүндө ” токтому
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V-сессиясы
2025-жылдын 31-июлу № 43 “ Айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жөнүндө ”
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн статисти Д.Бекмуратовдун 2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 122 Токтому жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн статисти Д.Бекмуратовдун 2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 122 Токтому жөнүндөгү билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2. Ак-Суу айыл аймагында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүүгө, айыл өкмөтүнүн бюджетиненен 110 000(жүз он миң) сом акча каражатын берүүгө макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл КЭБ башчысы А.Курбаналиевге жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
Төрага
А. Саматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.